KGRU darulifta.kg@gmail.com | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Нике түнү аткарыла турган амал

Нике түнү аткарыла турган амал
Нике түнү эң биринчи жасала турган амалдар кайсы?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Нике түнү эң биринчи аткарыла турган амал, эки рекет шүгүр намазын окуу керек. Эркек алдында, аял артында туруп намаз окуйт. Намаздан кийин жакшылыка, берекеге, бири – бирине болгон сүйүүгө жана ынтымактуу, бактылуу жашап кетүүгө дуба кылуу керек.

Абдулла бин Масъуд (разияллоху анху) дан бир риваят келет. Абдулла бин Масъуд (разияллоху анху) га бир киши келип: «Мен бир кызга үйлөндүм анан, ал мени жактырбай, мени душман деп ойлобойбу деп корком» - деди.  Абдулла бин Масъуд (разияллоху анху) ага: «Сүйүү Аллахтан, ал эми душмандык кылуу шайтандын иши» - деди. Качан ал сенин үйүңө келгенде, ага: «Артымда туруп эки рекет намаз оку» - деп айт. Андан кийин ушул дубаны оку:

" اَللَّهُمَّ بَارِكْ لِي فِي أَهْلِي، وَبَارِك لِأَهْلِي فِيَّ، اَللَّهُمَّ ارْزُقْنِي مِنْهُم وَ ارْزُقْهُم مِنِّي، اَللَّهُمَّ اجْمَع بَيْنَنَا إذَا جَمَعْتَ فِي خَيرٍ وَ فَرِّقْ بَيْنَنَا إذا فَرَّقْتَ اِلَي خَيْرٍ "

«Аллохумма баарик лии фии ахлии ва баарик ли-ахлии фиййа, Аллохумм-р зукнии минхум ва-р зукхум миннии, Аллохумма-жмаъ байнанаа изаа жамаъта фии хойрин ва фаррик байнанаа изаа фаррокта илаа хойрин».

في مجمع الزوائد:

"وعن أبي وائل قال : جاء رجل من بجيلة إلى عبد الله - يعني ابن مسعود - فقال : إني تزوجت جاريةً بكراً وإني خشيت أن تفركني، فقال عبد الله: ألا إن الإلف من الله، وإن الفرك من الشيطان؛ ليكره إليه ما أحل الله، فإذا دخلت عليها فمرهافلتصل خلفك ركعتين. قال الأعمش : فذكرته لإبراهيم [ فقال ]: قال عبد الله : وقل : اللهم بارك لي في أهلي وبارك لهم في، اللهم ارزقهم مني وارزقني منهم، اللهم اجمع بيننا ما جمعت إلى خير، وفرق بيننا إذا فرقت إلى الخير". رواه الطبراني ورجاله رجال الصحيح". (کتاب النکاح، باب ما يفعل إذا دخل بأهله :۴/ ۵۳۶، ط: دار الفكر، بيروت).

Андан кийин аялыңдын чекесине колуңду койуп бул дубаны окуңуз:

" اَللَّهُمَّ إِنِّي أَسْاَلُكَ مِنْ خَيْرِهَا وَخَيْرِ مَا جَبَلْتَهَا عَلَيْهِ وَاَعُوذُ بِكَ مِنْ شَرِّهَا وَشَرِّ مَا جَبَلْتَهَا عَلَيْهِ"

(رواه أبوداود: رقم الحديث:٢١٦٠)

«Аллоохумма иннии ас‘алука мин хойрихаа, ва хойри маа жабалтахаа аълайхи, ва аъуузу бика миң шаррихаа ва шарри маа жабалтахаа аълайхи».

Ал эми, качан кошулууну көздөгөндө, алгач «Бисмиллах» ты окуп, ушул дубаны окуу керек:

بِسْمِ اللهِ اَللَّهُمَّ جَنِّبْنَا الشَّيْطَانَ وَجَنِّبِ الشَّيْطَانَ مَا رَزَقْتَنَا. (رواه مسلم: رقم الحديث:١٤٣٤).

«Бисимиллаахи Аллоохумма жаннибнаш шайтоона, ва жаннибиш шай-тоона маа розактанаа».

Аллахым! Дүйнө жана акыретте бактылуу жубайлардан кылган болсун.

فقط والله تعالٰی اعلم و علمه أتم

Жооп берди:
Умар Темирбаев
Текшерди:
Исмайилов Жигитали
Жакты
+7
05:35
3750

Башка фатвалар

Мулк сүрөөсүнүн окула турган убактысы
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен Ва алайкумус салаам ва рахматуллохи ва баракаатуху الجوا
Жашыруун нике
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен الجواب حامدا و مصليا Нике – бул Алланын Элчисинин
Пайгамбарыбыз Мухаммад (соллаллоху алайхи ва салламды) түштө көрүү үчүн кандай амал кылуу керек?
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен الجواب حامدا و مصليا Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва