Кыз жигит болуп нике окутуп үйлөнгөнгө чейин жүрсо болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
Кыз жигит болуп сүйлөшүү максатында нике кыйдыруу болбойт.
Нике – бул Аллахтын Элчисинин (соллаллооху алейхи ва саллам) сүннөтү. Аллахтын Элчиси (соллаллооху алейхи ва саллам):
"النِّكَاحُ من سُنَّتِي... إلخ" (سنن ابن ماجه رقم الحديث: ١۸٤٦).
Котормосу: “Нике бул менин сүннөтүм” (Ибн Маджа 1846).
Нике, эгерде ал туура ниет менен жана бардык шарттары жана талаптары аткарылуу менен кыйыла турган болсо, Аллах жактырган амал жана көптөгөн жакшылыктарды алып келет. Бирок бул Аллах жактырган амалды ата-эненин уруксатысыз иш жүзүнө ашыруу никенин исламдык принциптерге карама-каршы келет.
Ислам шарияты боюнча нике – бул дене кумарын кандыруу эле эмес. Нике сүйүүнү, сый-урматты, тил алууну, жоопкерчиликти ж.б. камтыган бекем үй-бүлө түзүү, тукум улантуу үчүн түзүлөт. Ошондуктан, нике маселесине өтө олуттуу мамиле кылуу керек.
فقط ووالله اعلم