Ажырашкан жубайлардын балдары кимде калат?
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен
الجواب حامدا و مصليا
Жубайлар ажырашкандан кийин экөөнүн ортосунда жаш, кичинекей балдары болсо, алар өз энесинин колунда калат. Эгерде өз энеси жок болсо (каза болуп калса), же наристени кабыл кылбай койсо, же башка бирөөгө турмушка чыгып кетсе, анда тайэнеси, андан кийин чоң энеси, булар да жок болсо анда наристенин бир тууган эжелери, андан кийинэнелеш эжелери, андан кийин аталаш эжелери, андан кийин тайэжелери болуп, ушул тартипте кете берет.
(تثبت للأم)...(ثم) أي: بعد الأم بأن ماتت أو لم تقبل أو تزوجت بأجنبي (أم الأم)...(ثم أم الأب و إن علت)... رد المحتار ٥/٢٥٩، رشيدية.
Эгерде наристе уул болсо, анда ал өзүн-өзү эптеп калганга чейин, тактап айтканда өзү тамак-аш ичип, кийим-кечегин кийип, өзү даарат алганга кудурети жетип калган куракка чейин энесинин колунда болот. Аалымдар муну 7 жаш деп белгилешкен. Ал эми наристе кыз болсо, анда балагатка (бойго) жеткенге чейин энеси менен бирге болот.
(و الحاضنة) أما أو غيرها (أحق به) أي: بالغلام حتى يستغني عن النساء و قدر بسبع و به يفتى لأنه الغالب...(و الأم و الجدة) لأم أو لأب (أحق بها) بالصغيرة (حتى تحيض). شامي ٥/٢٧٣، رشيدية
Энеси караган учурда, ал наристелердин нафакасын (тамак-аш, кийим-кечектерин) атасы камсыздап турат. Ошентип уул жети жашка толсо, кыз бойго жетсе, атасы өз карамагына алат. Себеби, жогоруда айткандай алардын нафакасы, таалим-тарбиясы атасынын мойнунда.
و يجبر الأب على أخذ الولد بعد إستغنائه عن الأم لأن نفقته و صيانته عليه بالإجماع. شامي ٥/٢٧٤، رشيدية.
Бул маселеде жаш наристеге эч кандай ыктыяр берилбейт. Бирок, балагатка жеткенден кийин, ал ыктыярлуу болот, кааласа атасы менен болсун, кааласа энеси менен, кааласа өз алдынча жалгыз жашасын.
(و لا خيار للولد عندنا مطلقا) ذكرا كان أو أنثى... و هذا قبل البلوغ، أما بعده فيخير بين أبوين، و إن أراد الإنفراد فله ذلك. شامي ٥/٢٧٦، رشيدية.
Эскерте кетчү нерсе! Энеси менен, же атасы менен болгон учурда, ата-энеси менен бирдей көрүшүп, жолугуп жүрө берет. Энесинде жүргөндө, атасына көргөзбөй коюу, же атасында жүргөндө энесине жолуктурбай коюу туура эмес.
و الله أعلم