KGRU darulifta.kg@gmail.com | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Заара шымга же кийимге тийсе кабыр азабына түшүп калабы?

Заара шымга же кийимге тийсе кабыр азабына түшүп калабы?
Заара чачыраса кабыр азабы бар дейт, заара чачырап шымга же кийимге тийсе эле болду кабыр азабына тушуп калабы же бул намазга таза кийим менен туруу деген маселеби тушундуруп берсениз.

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Албетте зааранын чачырап кетишине байланыштуу айтылган маселени Уламалар төмөнгүчө чечмелешет:  заара денеге же кийимге чачырап кеткенден кийин аларды тазалабай, башкача айтканда, тазалыкка көңүл бурбай таштап койсо, натыйжада  намаз жана башка ибадаттар алардын дурус болуусу үчүн тазалык шарт кылынган ибадаттар  окулбай калса, мына ушундай абалда күнөөкөр болуп азапка чегип калуусу мүмкүн. Албетте заарадан сактануу бул намазга гана байланыштуу эмес, бардык эле учурда сактануу керек.

Эгер этияттуулукту сактап, ошого карабастан заара чачырап кетсе жана дароо ошол эле учурда денени жана кийимди жууп тазаласа анда эскертилген азаптан сак болот Ин шаа Аллах,

Эскертүү! Заара дегенде адамдын жана жаныбарлардын заарасы эске алынган.

"عن الحسن قال: قال رسول اللَّه صلى اللَّه عليه وآله وسلم: (استنزهوا من البول؛ فإنّ عامّة عذاب القبر من البول) ورواته ثقات مع إرساله. ويؤيد الحديث ما ثبت في الصحيحين وغيرهما في الحديث الذي قبل هذا. (قوله: تنزهوا من البول) التنزه البعد. (قوله: فإنّ عامّة عذاب القبر منه) عامّة الشيء معظمه، والمراد أنه أكثر أسبابه. والحديث يدل على وجوب الاستنزاه من البول مطلقًا من غير تقييد بحال الصلاة وإليه ذهب أبو حنيفة وهو الحق".
)نيل الأوطار شرح منتقى الأخبار (١/ ١٧۳)
"واستدل الأصوليون بحديث: (استنزهوا من البول) أقول: إن المتبادر منه بول البشر أولاً، ويلحق به سائر الأبوال ثانياً".
)العرف الشذي شرح سنن الترمذي (١/ ١٠٩)

فقط والله تعالٰی اعلم و علمه أتم

Жооп берди:
Умар Темирбаев
Текшерди:
Исмайилов Жигитали, Татиков Рафаил
Жакты
+10
19:07
1753

Башка фатвалар

Рукуда заара чыгаберсе, намаз кандай окуу керек?
Ва алайкумус салаам ва рахматуллохи ва баракаатуху Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومص
Футбол ойноп намазга жетишпей калып убактысы өтүп кетсе оюн арам болуп калабы?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Шариат боюнча футбол ойносо болот, бирок оюн се
Кургак нажас кийимге тийсе эмне болот?
Ва алайкумус салаам ва рахматуллохи ва баркаатуху Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصل