KGRU darulifta.kg@gmail.com | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Рукуда заара чыгаберсе, намаз кандай окуу керек?

Рукуда заара чыгаберсе, намаз кандай окуу керек?
Ассяламу алейкум
Менде бир маселе болуп атат.
Дааратканага баргандан кийин, заара улам сайын тамчылап кетип атат, даарат алгандан кийин дагы ошондой көрүнүш болуп атат.
Жума намазга барып калганда, рүкүгө турганда дагы тамчылап кетет ошол кезде намаз бузулабы?
Бул маселени кандай алдын алсам болот?
Чоң рахмат!!!

Ва алайкумус салаам ва рахматуллохи ва баракаатуху

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

1. Эгерде заара чыкты деген шек күмөн болсо, анда ага көнүл бурбаңыз, аны менен даарат бузулбайт.

2. Заара кылгандан кийин истинжа кылганга шашпаңыз, качан толук заара чыкты деген ишеним келсе, андан кийин истинжа кылып даарат алуу керек.

3. Эгерде бул оруу себептен болсо жана заара дайым эле руку же саждада тамчылап чыгаберсе, анда кайсы абалда заара чыкпаса, ошол абалда намаз окусаңыз болот. Мисалы: отуруп окуганда заара чыкпайт, анда отуруп окуңуз ал эми руку жана сажданы ишара менен кылыңыз. А эгерде отуруп да окуй албасаңыз, анда туруп окуй берсеңиз болот.

4. Жана ошондой эле мындай кылсаңыз деле болот: ошол жака кичине пахта коюп койуңуз, даарат бузулбайт пахтанын сыртына заара чыкмайынча.

في الدر: (قوله وقد يتحتم القعود إلخ) أي يلزمه الإيماء قاعدا لخافيته عن القيام الذي عدز عنه حكما، إذ لو قام لزم فوت الطهارة أو الستر أو القراءة أو الصوم بلا خلف، حتى لو لم يقدر على الإيماء قاعدا كما كان بحال لو صلى قاعدا يسيل بوله أو جرحه، لول صلى مستلقيا لا يسيل منه شيء فإنه يصلي قائما بركوع وسجود كما عليه في المنية... إلخ (رد المحتار ١/٤٤٥ ط: سعيد).

وإذا حشا إحليله بقطنة خوفا من خروج البول، لول لا القطنة يخرج منه البول فلا بأس به ولا ينتقض وضوءه حتى يظهر البو على القطمة (المحيط البرهاني ١/١٩۲ ط: ادارة القرآن).

والله اعلم

Жооп берди:
Татиков Рафаил
Текшерди:
Исмайилов Жигитали
Жакты
+1
07:23
1170

Башка фатвалар

Кайсы убакыттарда намаз окуу макрух болуп эсептелет?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا 1.
Жолоочу намаз окуу үчүн кыбыла тарапты кантип аныктай алат?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Эгерде, жолоочу кыбыла тараптын кайсы
Эгерде намазда эки жолу «Фатиха» сүрөсүн кайталап окуп алса, анда намазды кайта баштан окуу керекпи?
Эгерде кимдир бирөө фарз намаздын биринчи же экинчи рекетинде «Фатиха» сүрөсүн эки жолу