Ачык вай файды колдонсо болобу?
Ачык вай файды колдонсо болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
Сиз ушундай жакшы суроо бергениңиз үчүн алдын ала ыраазычылык билдиребиз. Сиздей такыба адамдар көп болсун.
Эгерде вайфай коомчулук жерде (кафе, супермаркет ж.б.) жана пароль жок, ачык болсо, анда аны иштетсе болот, себеби бул кардарларга кызмат көрсөтүү катары ачык коюшат. А эгерде вай фай бир жеке үйдүкү болсо, анда аны пайдаланган болбойт, себеби бул жеке мулк болуп эсептелет. Ал эми пароль койбогонун ар кандай себебтер болуш мүмкүн. Бирок вайфайдын ээси сизге же жалпы элге уруксат берсе анда пайдаланса болот.
وعن أبي حرة الرقاشي عن عمه قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم: "ألا لا تظلموا ألا لا يحل مال امرئ إلا بطيب نفس منه" رواه البيهقي في شعب الإيمان والدار قطني في المجتبى (مشكاة المصابيح ص: ۲٥٥ ط: قديمي).
فقط ووالله اعلم
Жооп берди:
Татиков Рафаил [фатва бөлүмүнүн башчысы]
Текшерди:
Исмайилов Жигитали [фатва бөлүмүнүн адиси]