KGRU darulifta.kg@gmail.com | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Руку жана саждада дубаларды окуса болобу?

Руку жана саждада дубаларды окуса болобу?
Пайгамбарыбыз алейхи салам рукудо сажда да бир канча убакыт турган деп уктум.
Рукудо саждада таспих эле айтылабы канча жолу айтса болот?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Пайгамбарыбыз (соллаллоху алейхи ва саллам) руку жана саждада дубаларды көп окуйт эле, ошол үчүн узун убакытка чейин руку жана сажда кылган. Бирок бул нерсе нафиль намаздарга тиешелүү. Ал эми фарз намаздарда руку жана саждада тасбих эле айтылат, башка дубалар айтылбайт. Тасбих рукуда “Субхана раббиал азим” жана саждада “Субхана роббияль ала” деген зикирлер. Саждада жана рукуда тасбих эң аз үч жолу айтуу керек, бирок үчтөн көп – беш же жети, же тогуз так жолу айтуу мустахаб, ал эми имамга өтө көп узартуу жакшы эмес.

في الدر: وقله (ثلاثا) فلو تركه أو نقصه كره تنزيها (رد المحتار ١/٤٩٤ ط: سعيد).

أيضا فيه: (ويسبح فيه ثلاثا) كما مر (رد المحتار ١/٥٠٤ ط: سعيد).

وفي الرد: وصرحوا بأنه يكره أن ينقص عن الثلاث وأن الزيادة مستحبة بعد أن يختم على وتر خمس أو سبع أو تسع ما لم يكن إماما فلا يطول (رد المحتار ١/٤٩٤ ط: سعيد).

وفي الرد أيضا: وكذا لا يأتي في ركوعه وسجوده بغير التسبيح (على المذهب) وما ورد محمول على النفل (رد المحتار ١/٥٠٦ ط: سعيد).

فقط ووالله اعلم

Жооп берди:
Татиков Рафаил [фатва бөлүмүнүн башчысы]
Текшерди:
Исмайилов Жигитали [фатва бөлүмүнүн адиси]
Жакты
+3
19:08
1599

Башка фатвалар

Жума намаздын хутбасы башталганда сүннөт намаз окуса болобу?
Мээриммдүү, Ырайымдуу Аллахтын ысымы менен. Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху!
Азан укбастан намаз окуса болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Негизинен беш убак фарз намаздарга жана жума на
Сүрөтү бар кийим менен намаз окуса болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Эгер намаз окуучунун астында же кийминде тирүү