Чочконун жүнүнөн жасалган щетка менен нандын үстүн же кондитер азыктарын сүртсө болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
Азыркы учурда чочконун жүнүнөн жасалган щеткалардын түрү көп. Адамдар аларды ар кандай максаттарда колдонушат. Чочконун жүнүнөн жасалган тиш щеткасы бар. Ошондой эле курулуш тармагында, кондитер жана тамак-аштын сыртына жумуртка жана башка заттарды сүйкөгөнгө да чочконун щеткасы колдонулат.
Ар бир мусулман колдончу нерсесине маани берүүсү керек. Эгерде щетка чочконун жүнүнөн боло турган болсо аны колдонгонго болбойт. Чочконун щеткасы тийген тамак-аштар нажас болуп эсептелет. Алла Таала Курани каримде мындай деп айткан.
قُل لَّا أَجِدُ فِي مَا أُوحِيَ إِلَيَّ مُحَرَّمًا عَلَىٰ طَاعِمٍ يَطْعَمُهُ إِلَّا أَن يَكُونَ مَيْتَةً أَوْ دَمًا مَّسْفُوحًا أَوْ لَحْمَ خِنزِيرٍ فَإِنَّهُ رِجْسٌ أَوْ فِسْقًا أُهِلَّ لِغَيْرِ اللَّهِ بِهِ ۚ فَمَنِ اضْطُرَّ غَيْرَ بَاغٍ وَلَا عَادٍ فَإِنَّ رَبَّكَ غَفُورٌ رَّحِيمٌ. سورة الأنعام 145
“Мага билдирилгендерден мен тамак үчүн: өлгөн малдын эти, кан жана чочконун этинен башка арам кылынган нерсени таппадым, анткени булар чынында эле ыплас жана булганыч жана Аллахтан башканын аты аталгандары”-деп айт. Ким аларга умтулбай жана Аллахтын тыюуларын бузууну каалабай, бирок аргасыз болуп калса, анда Эгең-Кечиримдүү жана Мээримдүү, Анаам,145.
Имам Касаний мындай дейт: “чочко имам Абу Ханифадан нажастын өзү деп риваят кылынган. Себеби, Алла Таала аны ыплас деп сыпаттаган. Ошондуктан анын жүнүн жана башка бөлүктөрүн колдонуу арам болот”, (Бадаиу санаи фи тартиби шараоиь, 1/62).
وأما الخنزير فقد روي عن أبي حنيفة أنه نجس العين لأن الله تعالى وصفه بكونه رجسا فيحرم استعمال شعره وسائر أجزائه .... (بدائع الصنائع في ترتيب الشرائع ١/٦۳ ط: دار الكتب العلمية).
فقط ووالله اعلم