Азыркы учурда көп кондитер азыктарына спирт кошулат шариятта ушундай азыктарды жегенге уруксат береб
Мээримдүү Боорукер Алланын аты менен
Эгерде спирт курмадан, жүзүмдөн, мейизден алынган болсо, ханафий мазхабы боюнча андай спирт таза эмес, арам. Ошондуктан, ушулардан алынган спиртти жогоруда айтылган нерселерге кошконго уруксат берилбейт. Кайсы нерселерде ушундай спирт кошулган болсо, же кошулгандыгына күмөн көбүрөөк болсо, анда ал нерселерди колдонууга болбойт.
Ал эми, спирт курма, мейиз жана жүзүмдөн башка нерселерден алынса, мисалы: дан өсүмдүктөрүнөн, алардын кабыгынан, нефти жана башка нерселерден, анда Абу Ханифа (рахматуЛлахи алейхи) жана Абу Юсуфтун (рахматуЛлахи алейхи) көз карашында мындай спирт аз өлчөмдө азыктарга кошулса зарылчылыктан гана уруксат берилет. Азыркы учурда спирт көбүнчө жүзүм, курма жана мейизден эмес, башка нерселерден алынат. Ошондуктан, зарылчылыктан жана өтө көп кездешип, андан кутулуунун айласы кыйын болгон себептүү эки чоң имамдын фатвасына ылайык аталган нерселерди колдонууга уруксат берилген, бирок бир шарт менен, ал спирт кошулган нерсе мас кылуучу болбоого тийиш.
Эскертүү: Жогоруда айтылып кеткен нерселерден спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди ичүүгө болот деп түшүнүп албоо керек. Жооп аталган гана суроого тиешелүү.
عن عبدالله بن عمر: كلُّ مُسكرٍ حرامٌ وكلُّ مُسكرٍ خَمر رواه مسلم 2003. وأبو داود3679.
في تكملة فتح الملهم شرح مسلم 3/608
اما غير الاشربة الاربعة فليست بنجسة عند الامام ابي حنيفة رحمه الله تعالى و بهذا يتبين حكم الكحول المسكرة التي عمت بها البلوى اليوم فانها تستعمل في كثير من الادوية و العطور و المركبات الاخرى فانها ان اتخذت من العنب او التمر فلا سبيل الى حلتها او طهارتها و ان اتخذت من غيرهما فالامر فيها سهل على مذهب ابي حنيفة و لا يحرم استعمالها للتداوي او لاغراض مباحة اخرى ما لم تبلغ حد الاسكار لانها انما تستعمل مركبة من المواد الاخرى و لا يحكم بنجاستها اخذا بقول ابي حنيفة و ان معظم الكحول التي تستعمل اليوم في الادوية و العطور و غيرها لا تتخذ من العنب او التمر انما تتخذ من الحبوب او القشور او البترول و غيره كما ذكرنا في باب بيع الخمر من كتاب البيوع هناك فسحة في الاخذ بقول ابي حنيفة عند عموم البلوى