Креветка жана башка деңиз азыктары адалбы?
Мээримдүү жана Ырайымдуу Алла Тааланын ысмы менен
الجواب حامدا ومصليا
Биздин ханафи мазхабда деңиз жаныбарларынын ичинен бир гана балыкты жегенге уруксат. Кээ бир аалымдар креветканы балыктын катарына кошуп адал дешсе кээ бир аалымдар аны балыктын катарына кошкон эмес.
Креветканы балыктардын түрүнө киргизип аны адал дегендердин далили арабтар креветканы балыктын бир түрү деп араб тилиндеги сөздүктөргө таянышкан. Бирок экинчи тарап, азыркы илимдин негизинде балыктын түрүнө кириш үчүн 3 нерсеси болушу зарыл, 1 – каңылжары. 2 – кыр аркасы. 3 – сүзүү канаттары – деп айтышат.
Ошондуктан ханафи мазхабындагы аалымдардын кээ бири зоологияга таянып креветканы жегенге болбойт дешет. Ошондой эле араб тилчилерине таянып адал дегени да бар. Кээде теориялык изилдөөлөргө терең кирбестен, ушундай маселелерде шариятта белгилүү болгондой “эл арасындагы айтылып жүргөн сөзгө кайтуу керек деген түшүнүктө” тилчилердин сөзү да күчтүү болушу мүмкүн. Бул маселеде катуу туруунун деле кереги жок. Аалымдардын талашы жеңилдикти алып келет. Бирок, креветканы жебей кою этияттуу.
فالحيوان في الأصل نوعان نوع يعيش في البحر ونوع يعيش في البر. أما الذي يعيش في البحر فجميع ما في البحر من الحيوان محرم الأكل الا السمك خاصة فانه يحل أكله الا ما طفا منه. بدائع الصنائع 5/35.
لكن خبراء علم الحيوان اليوم لا يعتبرونه سمكا ويذكرونه كنوع مستقل ويقولون أنه من أسرة السرطان دون السمك. وتعريف السمك عند علماء الحيوان على ما ذكر في دائرة المعارف البريطانية هو حيوان ذو عمود فقري يعيش في الماء ويسبح بعواماته ويتنفس بغلصمته. تكملة قتح الملهم 3/513.