KGRU darulifta.kg@gmail.com | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Кан токтобой чыгаберсе даарат кантип алуу керек?

Кан токтобой чыгаберсе даарат кантип алуу керек?
Тилинген жерден кан токтобой чыгаберсе даарат кантип алуу керек?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Эгерде бир жерден кан токтобой чыга берсе, анда биринчи кан токтогонго чейин күтүш керек. Кан токтогондон кийин даарат алып намазды окуш керек. Эгерде кан токтобой агып жатса жана намаздын убактысы бүтүп жаткан болсо, анда ошого карабай даарат алып намаз окуп коюу керек.

Ал эми кан таптакыр токтобой койсо, анда бул адам мазур деп аталат. Сиз кандын агып жатканына карабастан даарат алып фарз, важиб, нафиль намаздарды окуй бересиз жана андан кийин ар бир намазга, намаздын убактысы киргенден кийин, даарат алып намаз окуй бересиз. Бирок кан кийимге тийген болсо анда ал жерди жууп коюу керек. Ушундай амал кылабересиз кан толук токтоп калганга чейин.

في الدر: (وصاحب عذر من به سلس) بول.. (إن استوعب عذره تمام وقت الصلاة مفروضة) بأ لا يجد في جميع وقتها زمنا يتوضأ ويصلي  فيه خاليا عن الحدث (ولو حكما)... (وحكمه الوضوء) لا غسل ثوبه ونحوه (لكل فرض) اللام للوقت كما في – لدلوك الشمس – (ثم يصلي) به (فيه فرضا ونفلا) فدخل الواجب بالأولى (فإذا خرج الوقت بطل) أي ظهر الحدث السابق (رد المحتار ١/۳٠٥-۳٠٦ ط: سعيد).

فقط ووالله اعلم

Жооп берди:
Татиков Рафаил [фатва бөлүмүнүн башчысы]
Текшерди:
Исмайилов Жигитали [фатва бөлүмүнүн адиси]
Жакты
0
18:37
1326

Башка фатвалар

Жамаат менен намаз окуп жатып даарат бузулуп калса, даарат алуу үчүн саптан кантип чыгуу керек?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Жамаат менен намаз окуп жатып даарат бузулуп ка
Эгерде монтаж кылуучу көбүкчө же клей колго жабышып калса кандай кылып даарат алуу керек?
Даарат орундалыш үчүн, милдеттүү жуулчу мүчөлөргө суу жетиш керек.
Гусул алгандан кийин кайра даарат алуу зарылбы?
Мээриммдүү, Ырайымдуу Аллахтын ысысмы менен الجواب حامدا ومصليا