KGRU darulifta.kg@gmail.com | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Бир канча мамлекетте 15 күндөн азыраак болуп жүргөн кишинин намазынын өкүмү кандай?

Бир канча мамлекетте 15 күндөн азыраак болуп жүргөн кишинин намазынын өкүмү кандай?
Ассаламу алейкум. Чет өлкөнүн бир канча мамлекетинде 15 күндөн азыраак болуп жүргөн кишинин намазынын өкүмү кандай? Каср окуйбу же жокпу? Мамлекеттерде фура унаасын айдашат жана ошондо жашашат. Турак жайы Кыргызстанда гана.

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Ва алайкумус салаам ва рахматуллохи ва баракаатуху!

Каср окуйт, анткени мукиймдин (жергиликтүү адамдын) өкүмүндө болуп намаздарды толук окуш үчүн бир жерде 15 күн турууну ниет кылыш керек. Ал эми сиз айткан шопурдун (дальнобойщиктин) жумушуна байланыштуу бир жерде 15 күн туруу шарты табылбагандыктан мусаапырдын өкүмүндө болуп, намаздарды каср кылат.

من خرج من عمارة موضع إقامته قاصداً مسیرة ثلاثة أیام ولیاليها ……صلی الفرض الرباعي رکعتین …حتی یدخل موضع مقامه أو ینوي إقامه نصف شهر بموضع صالح لها فیقصر إن نوی في أقل منه أو …بموضعین مستقلین (تنویر الأبصار مع الدر والرد، کتاب الصلاة، باب صلاة المسافر، ۲: ۵۹۹- ۶۰۶)۔

فقط والله تعالٰی اعلم و علمه أتم

Жооп берди:
Умар Темирбаев
Текшерди:
Исмайилов Жигитали
Жакты
+1
04:54
1058

Башка фатвалар

Шам намазынын 2-рекетине кошулса кандай толуктоо керек?
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен الجواب حامدا و مصليا Кайсыл адам шам намазын имам менен
Багымдат намазынын сүннөтүн казасы окулабы?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Эгерде сиз багымдат намазынын сүннөттүн окубай
Арафа күндөгү орозо жөнүндө айтып бересизби?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا – Зуль-хижжанын тогузу күнү Ара