KGRU darulifta.kg@gmail.com | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Арафа күндөгү орозо жөнүндө айтып бересизби?

Арафа күндөгү орозо жөнүндө айтып бересизби?
Арафа күндөгү орозо жөнүндө айтып бересизби?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

– Зуль-хижжанын тогузу күнү Арафа күнү деп аталат. Бул күнү орозо кармаган дурус. Алла Таала бул күнү кармаган орозо үчүн чоң соопторду берет. Алланын Элчиси (ага Алланын саламы жана салаваты болсун) айткан: «Мен Арафа күнү туткан орозону Алла Таала мурунку жылдары кылынган жана кийинки жылдары кылынуучу күнөөлөр үчүн кечирим кылып коёт деп үмүт кылам”.

عن ابي قتادة قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم: "صيام يوم عرفة اني احتسب على الله أن يكفر السنة التي قبله والتي بعدها (سنن ابن ماجه ص: ١٢٤ ط: قديمي).

Бирок, бул күнү ажылык кылып жаткан адам үчүн орозо тутуу дурус эмес, эгерде орозо аны ажылык ырым-жырымдарын жана дубаларды аткаруудан начарлатып коё турган болсо, эгерде начарлатпаса, анда кармоосу уруксат тургай, жакшы болот. 

في الرد: (قوله لم يضعفه) صفة لحاج أي إن كان لا يضعفه عن الوقوف بعرفات ولا يخل بالدعوات محيط فلو أضعفه كره (رد المحتار ٢/٣٧٥ ط: سعيد).

– Зуль-хижжа айынын баштапкы тогуз күнүндө орозо кармоо андан да артыгыраак жана дурус болуп эсептелет.

ويستحب صوم تسعة أيام من أول ذي الحجة كذا في السراج الوهاج (الفتاوى الهندية ج:١ ص:٢٠١ ط: سعيد).

Имам Тирмизи өзүнүн китебинде хадисти келтирет жана анда мындай деп айтылган: “Алла Тааланын алдында Зуль-Хижжа айынын (биринчи) он күндүгүндө кылынган ибадаттан сүйкүмдүүрөөк күндөр жок. Бул күндөрү туткан орозонун ар бир күнүнүн сообу, башка убакта туткан бир жылдык орозонун сообуна барабар жана ошондой эле бул күндөрү бир түн кылган ибадаттын сообу Кадыр түнү кылынган ибадаттын сообуна тете”.

عن أبي هريرة رضي الله عنه عن النبي صلى الله عليه وسلم قال: "ما من أيام أحب إلى الله أن يتعبد له فيها من عشر ذي الحجة، يعدل صيام كل يوم منها صيام سنة وقيام كل ليلة منها بقيام ليلة القدر". قال أبو عيسى هذا حديث حسن غريب لا نعرفه إلا من حديث مسعود بن واصل عن النهاس. وسألت محمداًعن هذا الحديث فلم يعرفه من غير هذا الوجه مثل هذا. وقال: وقد روي عن سعيد بن المسيب عن النبي صلى الله عليه وسلم مرسل شيء من هذا. (جامع الترمذي ١/٣٥٧ رقم الحديث ٧٥٨ ط: الطاف ايند سنز).

Эскертүү: Хадисте биринчи он күн деп айтылган, бирок онунчу күн – Орозо айт майрамы жана бул күнү орозо тутууга уруксат берилбейт, ал эми тогузунчу күнү – Арафа күнү. Ошондуктан, бул жерде биринчи сегиз күн жөнүндө айтылып жатат.

فقط و الله اعلم

Жооп берди:
Татиков Абдурахман
Текшерди:
Эратов Равшан, Исмайилов Жигитали
Которду:
Орусчадан которгон: Джаркынбаев Качкын
Жакты
+1
18:20
916

Башка фатвалар

Шавваль айындагы орозо жөнүндө айтып бересизби?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا – Орозо айт майрамы бүткөн соң
Бейиш жана тозок жөнүндө айтып бересизби
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصلياУа алейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху!
Намазга бекем болуунун жолдорун айтып бересизби?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Уа алейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатух