Тахаджуд намазын багымдат кирээрге ото жакын калганда окусам болобу?
Тахаджуд намазын багымдат кирээрге ото жакын калганда окусам болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
Эгерде багымдат намаздын убактысы кирбеген болсо, анда тахаджуд окуса болот. А эгерде багымдаттын убактысы кирген болсо, анда тахаджуд окуган болбойт. Сиз багымдат намаздын убактысын карап, убакыт киргенге чейин тахаджуд окуңуз.
وفي الدر: (وكره نفل) قصدا... (بعد طلوع فجر سوى سنته) لشغل الوقت به تقديرا. (رد المحتار ١/۳٧٥ ط: سعيد).
والله اعلم بالصواب
Жооп берди:
Татиков Рафаил [фатва бөлүмүнүн башчысы]
Текшерди:
Исмайилов Жигитали [фатва бөлүмүнүн адиси]