KGRU darulifta.kg@gmail.com | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Багымдат намазына уктап калбаш үчүн эмне кылуу керек?

Багымдат намазына уктап калбаш үчүн эмне кылуу керек?
Мен кээде багымдат намазга туралбай уктап калам. Уктап калбаш үчүн эмне кылуу керек?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Ибадаттардын ичинен багымдат намаздын оорду өтө  чоң. Ошол себептүү ага катуу көнүл буруу керек. Бирок, кээде мусулмандар уйкунун же жалкоолуктун себебинен багымдат намазын окубай калышат. Көпчүлүк убакытта кечирээк уктоо багымдат намазына турбай, уктап калганга себеп болуп калат. Ошол үчүн Пайгамбарыбыз (соллаллоху алейхи ва саллам) куфтан намаздан кийин дароо жатууну жакшы көргөн жана пайдасыз сөздөрдөн алыс болгонго чакырган.

عن أبي برزة رضي الله عنه أن رسول الله صلى الله عليه وسلم كان يكره النوم قبل العشاء والحديث بعدها (صحيح البخاري كتاب مواقيت الصلاة ١/۸٠ ط: قديمي).

Котомосу: “Абу Барза (розияллооху анху) риваят кылат: “Пайгамбарыбыз (соллаллоху алейхи ва саллам) куфтан намазга чейин уйкуну жана куфтандан кийин (пайдасыз) сөздөрдү жактырган эмес”.

Ошол үчүн эртерээк жатканга аракет кылуу керек. Будильникти багымдат намаздын убактысына коюп, намазга турам деп бекем ниет да кылыңыз.

والله اعلم

Жооп берди:
Татиков Рафаил
Текшерди:
Исмайилов Жигитали
Жакты
0
18:30
1660

Башка фатвалар

Тахаджуд намазын багымдат кирээрге ото жакын калганда окусам болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Эгерде багымдат намаздын убактысы кирбеген болс
Витр намазында кунут дуасын айтууну унутуп, саждада эстесе, сажда сахв кылуу керекби?
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен الجواب حامدا و مصليا Ооба, сажда сахв кылуу керек.
Багымдат намазынын сүннөтүн казасы окулабы?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Эгерде сиз багымдат намазынын сүннөттүн окубай