KGRU darulifta.kg@gmail.com | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Бир сажда кылып экинчини унутуп калса эмне кылуу керек?

Бир сажда кылып экинчини унутуп калса эмне кылуу керек?
Бир сажда кылып экинчини сажданы унутуп калса, намаз бузулабы же жок? Ушундай абалда эмне кылуу керек?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Эгерде сиз бир сажданы кылып экинчи сажданы унутуп калсаңыз, жана ошол эле учурда намаздын ичинде эстесеңиз, анда эстегенде эле намаздын ичинде унутуп калган бир саждаңызды кылып койосуз. Аттахиятта ташаххуд окугандан кийин оң жака салам берип, эки сажда кылып, анан кайра ташаххуд, салават, жана дуба окуп эки жака салам берип намазды бүтүрөсүз. Мына ошону менен намаз дурус болот, кайра окунун кажети жок.

Эгерде ташаххуд окугандан кийин эстесеңиз, анда унутуп калган бир саждаңызды кыласыз анан ташаххуд окуп, оң жака салам берип, эки саждан кылып ташаххуд, салават, дуба окуп эки жака салам берип намазды бүтүрөсүз.

А эгерде сиз сажда кылбаганыңызды эки жака салам бергенден кийин эстесеңиз, анда өкүм мындай болот: эгерде сиз намазды буза турган эч кандай амал кылгын жок болсоңуз, мисалы: сүйлөгөн жоксуз, мечиттен чыгып кеткен жоксуз, анда унутуп калган бир саждаңызды кылып, ташаххудду окуп, оң жака салам берип эки сажда кыласыз. Эки саждадан кийин кайра ташаххуд, салават жана дуба окуп, эки жака салам берип намазды бүтүрүп коесуз. Ал эми эгер салам бергенден кийин намазды буза турган амал кылсаңыз, мисалы: бирөө менен сүйлөшүп баштадыңыз ж.б.у.с., анда намаз бузулат жана ошол намазды кайра кайтарып окуу керек. Ошондой эле бир сажда кылбагандыгын билип туруп, эки жака салам берген абалда да намаз бузулат, ошол намазды кайра окуу керек.

في الدر: حتى لو نسي سجدة من الأولى قضاها ولو بعد السلام لكنه يتشهد ثم يسجد للسهو ثم يتشهد لأنه يبطل بالعود غلى الصلبية والتلاوية (رد المحتار ١/٤٦۳ ط: سعيد).

والأصل أن السلام العمد يوجب الخروج عن الصلاة إلا سلام من عليه السهو... فنقول: إذا سلم وهو ذاكر أن عليه سجدة صلبية فسدت صلاته... وإن كان ساهيا لا تفسد لأنه ملحق بالعدم ضرورة دفع الحرج على ما مر.

وأما إذا صرف وجهه عن القبلة فإن كان في المسجد ولم يتكلم فكذلك الجواب استحسانا والقياس أن لا يعود وهو رواية محمد. (بدائع الصنائع ١/١٦۸ ط: دار الكتب العلمية).

و الله أعلم

Жооп берди:
Татиков Рафаил (Фатва бөлүмүнүн башчысы)
Текшерди:
Исмайилов Жигитали (Фатва бөлүмүнүн адиси)
Жакты
+5
21:26
1539

Башка фатвалар

Имам сажда саху кылуусун унутуп калса эмне кылат?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Эгерде имам сажда саху кылу
Эгерде монтаж кылуучу көбүкчө же клей колго жабышып калса кандай кылып даарат алуу керек?
Даарат орундалыш үчүн, милдеттүү жуулчу мүчөлөргө суу жетиш керек.
Сажда саху унутуп эки жака салам берсе эмне кылуу керек?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا 1.