Аңырдын этин жесе болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
Ханафий фикх эрежелеринин негизинде, суроодо айтылган канаттуу адал болуп саналат.
Анткени канаттуулардын адал же арам болуусу тууралуу эреже мындай:
Кайсыл канаттуулардын тырмактары бар жана ошол тырмактар менен аңчылык кыла турган болсо, анда ал канаттуулар арам болот. Ал эми, кайсы канаттуулардын тырмактары жок, же тырмактары бар бирок ал тырмактар менен аңчылык кылбайт, анда ал канаттуулар адал болуп саналат.
Мына ушул эрежеге ылайык, аңыр өрдөк, тоок сыяктуу канаттуу болуп эсептелет жана эти адал.
عن عبد الله بن عباس رضي الله عنهما قال: نهي رسول الله صلي الله عليه وسلم عن كل ذي ناب من السباع و عن كل ذي مخلب من الطير. (صحيح مسلم: ج/٢،ص/١٤٢).
Пайгамбарыбыз (саллаллоху алайхи ва саллам): «Бардык курч тиштүү жырткыч жаныбарлардын жана тырмактуу канаттуулардын (этин жештен) тыйуу салды».
في الجوهرة النيرة: (لا يجوز أكل ذي ناب من السباع ولا ذي مخلب من الطير) المراد من ذي الناب أن يكون له ناب يصطاد به وكذا من ذي المخلب. (الجوهرة النيرة:ج/٢،ص/٢٦٥).
فقط والله تعالٰی اعلم و علمه أتم