KGRU darulifta.kg@gmail.com | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Тамак аштын үстү кечкисин кээде унутулуп үстү жабылбай калса эртеси жесе болобу?

Тамак аштын үстү кечкисин кээде унутулуп үстү жабылбай калса эртеси жесе болобу?
Тамак аштын үстү кечкисин кээде унутулуп үстү жабылбай калса эртеси жесе болобу?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Түнкүсүн идишти жабуу буйругу - бул үммөткө мээримдүүлүк үчүн айтылган жана мустахаб өкүмдөрдөн. Хадисте мындай деп келген: "Идиш – аяктардын беттерин, үстүлөрүн жаап койгула. Анткени, жылдын бир түнү үстү жабылбай калган идиштерге оору түшөт".

غطوا الإناء وأوکوا السقاء فإن في السنة لیلة ینزل فيها وباء لا یمر بإناء لیس عليه غطاء أو سقاء لیس عليه وکاء إلا نزل فيه من ذلک الوباء (مشکوٰة: ج۱ ص۳۷۲).

Ошондуктан, идиш – аяктардын беттерин жаап коюп укташ керек. Бирок, эгер идиштердин беттерин жабууну билбей унутуп койсо, анда ага күнөө болбойт. Ал эми идиштер жабылбагандыктан, ичиндеги нерселер арам болуп калбайт. Ошондуктан, кимдир бирөө бул нерселерди жегиси келсе, анда аны жесе болот. Ал эми жүрөгү каалабай жатса анда ыргытып жибербей, үй жаныбарларына берип койгону жакшы.

عَنْ جَابِرٍ أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ : أَطْفِئُوا الْمَصَابِيحَ إِذَا رَقَدْتُمْ، وَغَلِّقُوا الْأَبْوَابَ، وَأَوْكُوا الْأَسْقِيَةَ، وَخَمِّرُوا الطَّعَامَ وَالشَّرَابَ. وَأَحْسِبُهُ قَالَ : وَلَوْ بِعُودٍ تَعْرُضُهُ عَلَيْهِ۔ (صحیح البخاری،کتاب الاشربة، باب تغطیة الاناء، رقم الحدیث : ۵٦٢۴)

وفی مرقاة المفاتيح لملا علي القاري:

وقال القرطبي: جميع أوامر هذا الباب من باب الإرشاد إلى المصلحة، ويحتمل أن تكون للندب لا سيما فيمن ينوي امتثال الأمر.

(ج:٨، ص:١٨٥، ط: رشید).

فَقَطْ وَاللهُ تَعَالٰی أَعْلَمُ وَ عِلْمُهُ أَتَمُّ

Жооп берди:
Умар Темирбаев
Текшерди:
Исмайилов Жигитали
Жакты
+3
18:18
1930

Башка фатвалар

Баняда үстү жабылбаган, ачык турган сууга гусул, даарат алса болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Эгер, кандайдыр бир нажас түшпөгөн болсо жана н
Алланы элестетүүгө болобу?
Адам баласынын элеси, кыялы анын сезүү органдарынын чегинен чыга албайт, ошондуктан Алла Тааланы эле
Үч талактан соң аялы менен кайра кошулууга болобу?
“Талак” сөзү арабчадан “бошотуу”, “ыргытуу” деп которулат, ал эм