KGRU darulifta.kg@gmail.com | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Кайсы убакыттарда намаз окуу макрух болуп эсептелет?

Кайсы убакыттарда намаз окуу макрух болуп эсептелет?
Кайсы убакыттарда намаз окуу макрух болуп эсептелет?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

1. Күн чыгып жаткандан баштап бир найза бою көтөрүлгөнгө чейин.

2. Күн чак түштө турган учурда.

3. Күн кызыл болгондон баштап, толук батканга чейин.

4. Багымдат намаз окугандан кийин, күн толук чыкканга чейин.

5. Аср намаз окугандан кийин күн толук батканга чейин.

6. Багымдат намаз киргенден кийин багымдат намазынын сүннөтүнөн башка эч кандай нафил намаз окулбайт.

7. Шам намаздын убактысы киргенден кийин, фарз намаздын алдында нафль намаз окуу макрух.

8. Жума, айт намазын, хаж жана никенин хутбалары башталгандан кийин нафил намаздарды окуу макрух.

9. Намазга икамат айтылып башталганда сүннөт жана нафль намаздарды окуу макрух. Бирок багымдат  жана сүннөт намазынын окуса болот, эгерде фарзды жамаат менен окуганга жетишип калам деген ишеним болсо.

10. Айт намазга чеийн үйдө же айт окулучу жерде нафил жана сүннөт намаз окуу макрух.

11. Айт намаздан кийин айт намаз окулган жерде нафль намаз окуу макрух.

12. Эгерде намаздын убактысы чыгып бараткан болсо жана ошол убакытта фарз намазды окуганга эле убакыт калган болсо, анда башка намаздарды окууганга болбойт.

13. Чоң же кичинекей даарат же жел кыстап жатканда намаз окуу макрух.

14. Жарым түндөн кийин куптан намазын окуу макрух, ага чеийн окуп коюу керек.

15. Шам намазын өтө узун, асманда жылдыздар жаркырап көрүнүп калганга чейин окуу макрух.

16. Курсагы аябай ачка болгон абалда намаз окуу да макрух, мындай учурда биринчи тез тамак жееп туруп ана намаз окуу керек. Ал эми намаздын убактысы аз калган болсо жана каза болуп калуу ыктымалы болсо, анда биринчи намаз окуш керек.

في در: (وكره) تحريما وكل ما لا يجوز مكروه (صلاة) مطلقا (ولو) قضاء أو واجبة أو نفلا أو (على جنازة وسجدة تلاوة وسهو) لا شكر قنية (مع شروق)... (واستواء)... (وغروب إلا عصر يومه)... إلخ
وتحته في الرد: واعلم ما تسمى صلاة ولو توسعا إما فرض أو واجب أو نفل... إلخ
 وأيضا فيه: واعلم أن الأوقات المكروهة نوعان: الأول الشروق والاستواء والغروب. و الثاني: ما بين الفجر والشمس وما بين صلاة العصر إلى الاصفرار. فالنوع الأول  لا ينعقد فيه شيء من الصلوات التي ذكرناها إذا شرع بها فيه، وتبطل إن طرأ عليها إلا صلاة جنازة حضرت فيها وسجدة تليت آيتها فيها وعصر يومه والنفل والنذر المقيد بها وقضاء ما شرع به فيها ثم أفسده، فينعقد هذه الستة بلا كراهة أصلا في الأولى منها، ومع الكراهة التنزيهية في الثانية والتحريمية في الثلاثة، وكذا في البواقي، لكن مع وجوب القطع والقضاء في وقت غير مكروه. والنوع الثاني: ينعقد فيه جميع الصلوات التي ذكرناها من  غير كراهة، إلا النفل والواجب لغيره؛ فإنه ينعقد مع الكراهة فيجب القطع القضاء في وقت غير مكروه (رد المحتار ١/۳٧٠-۳٧۳ ط: سعيد).
ويكره التنفل بعد طلوع الفجر بأكثر من سنته) قبل أداء الفرض...(و) يكره (عند الإقامة) لكل فريضة (إلا سنة الفجر) إذا أمن فوت الجماعة (و) يكره التنفل (قبل) صلاة (العيد ولو) تنفل (في المنزل و) وكذا (بعده) أي العيد (المسجد) أي مصلى العيد... (و) وقت حضور الطعام تتوقه نفسه و) عند حضور ما يشغله البال... إلخ (حاشية الطحطاوي على مراقي الفلاح ص: ١۸۸ ط: قديمي).
وفي القنية: تأخير العشاء إلى زاد على نصف الليل والعصر إلى وقت اصفرار الشمس والمغرب إلى اشتباك النجوم يكره كراهة تحريم (البحر الرائق ١/۲٤۸ ط: سعيد).

والله أعلم

Жооп берди:
Татиков Рафаил
Текшерди:
Исмайилов Жигитали
Жакты
+1
16:22
2638

Башка фатвалар

Имамчылык кайсы адам үчүн макрух?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Артында окуган көпчүлүк адамдар ушул
Кармин адал болуп эсептелеби?
Мээримдүү Боорукер Алланын аты менен Кармин- бул кызыл түстөгү түс берүүчү.
Жума намаздын хутбасы башталганда сүннөт намаз окуса болобу?
Мээриммдүү, Ырайымдуу Аллахтын ысымы менен. Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху!