Ата-энем хиджаб кийуугө каршы
Мен эмне кылуум керек? Шарияттын негизинде жооп берип койууңузду өтүнөм.
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен
الجواب حامدا و مصليا
Өтө өкүнүчтүүсү! Азыркы заманада эже, карындаштарыбыз мүмкүн болушунча аракет кылып Аллахтын буйругуна, шарият көргөзгөндөй кийинүүгө аракет кылып жатышса, Ислам дининен кабары жок кээ бир адамдар: «Хиджаб кийгендерди билими жоктук, караңгылык жана башка ушуга окшогон сыпаттар менен айыптап, жаман көз караш менен карап келүүдү».
Негизи хиджаб мусулман аял затынын жаратылыш табиятына каршы эмес, себеби мусулман аял үчүн уяттуулук бул табигий жаратылыштан болуп саналат. Ал эми хиджабтын негизги себептеринен бир себеби бул уяттуулук, демек уяттуулук аял заты үчүн бул табигий жаратылыштан. Албетте Ата – эненин сөзүн угуу керек, бирок Алланын өкүмү андан дагы улук, жана Алланын өкүмүнө баш ийүү ар бир момун – мусулман эркек, аялга парз. Себеби Аллахтын өкүмүнө каршы чыгууда эч бир адамга баш ийүү болбойт. Ал эми хижаб кийүү балагатка жеткен кыздар үчүн парз амал болгон себебтүү, ага каршы чыгуу туура эмес. Мындай абалда Сиз Аллахтын өкүмүнө амал кылыңыз жана Ата-энеңизге дуба кылыңыз, Аллахым аларга да Ыйман жана туура түшүнүк насип кылсын. Хиджабтын пайдаларын көп – көп айтып, Ата-эне, туугандарга түшүндүрө бериңиз. Аллах Таалам Ата – энеңизге Ыйман жана туура түшүнүк берсин.
Себеби Алла Таала аялдарга хиджаб кийүүгө буйруп мындай:
١) قال الله عز و جل.: " وَقَرْنَ فِي بُيُوتِكُنَّ وَلَا تَبَرَّجْنَ تَبَرُّجَ الْجَاهِلِيَّةِ الْأُولَى (احزاب/۳۳)
٢) وَإِذَا سَأَلْتُمُوهُنَّ مَتَاعًا فَاسْأَلُوهُنَّ مِنْ وَرَاءِ حِجَابٍ (احزاب/٥۳)
۳) يَا أَيُّهَا النَّبِيُّ قُلْ لِأَزْوَاجِكَ وَبَنَاتِكَ وَنِسَاءِ الْمُؤْمِنِينَ يُدْنِينَ عَلَيْهِنَّ مِنْ جَلَابِيبِهِنَّ ذَلِكَ أَدْنَى أَنْ يُعْرَفْنَ (احزاب/٥٩)
عن علي رضي الله عنه أن النبي صلي الله عليه و سلم قال : لا طاعة لبشر في معصية الله إنما الطاعة في المعروف)
(مسند أحمد/٦٦،٥)
و قال العلامة علاء الدين الحصكفي رحمه الله في الدر المختار: " و تمنع المرأة الشابة من كشف الوجه بين الرجال لا لأنه عورة بل لخوف الفتنة. و في الشامي: " و المعني تمنع من الكشف لخوف ان يري الرجال وجهها فتقع الفتنة لأنه مع الكشف قد يقع النظر اليها بشهوة" (الدر المختار مع فتاوي الشامي:١/٤٠٦باب شروط الصلاة)
و في البحر الرائق: قال مشائخنا: تمنع المرأة الشابة من كشف وجهها بين الرجال في زماننا للفتنة (البحر الرائق:١/٢٧٠)
فقط والله اعلم و علمه اتم