Пайгамбар (соллаллоху алейхи ва саллам) ды сүйүү
Пайгамбарыбыз (алейхи салам) ды сүйсөк Пайгамбарыбыз (алейхи салам) менен болобузбу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
Пайгамбарыбызды (соллаллоху алейхи ва саллам) сүйгөн адам Пайгамбар (соллаллоху алейхи ва саллам) менен бирге болот деп хадисте келген, бирок чыныгы сүйүү болуу керек. Чыныгы сүйүүнүн белгилери мындай: мусулман Аллах Тааланын өкүмдөрүн Пайгамбар (соллаллоху алейхи ва саллам) көрсөткөн жол менен аткарат жана Пайгамбар (соллаллоху алейхи ва саллам) дын толук сүннөттү менен жашайт.
قال أنس بن مالك: قال لي رسول الله صلى الله عليه وسلم: "يا بني إن قدرت أن تصبح وتمسي ليس في قلبك غش لأحد فافعل"، ثم قال لي: "يا بني وذلك من سنتي، ومن أحيا سنتي فقد أحبني، ومن أحبني كان معي في الجنة" (جامع الترمذي ٥/٤٦ ط: دار إحياء التراث العربي بيروت).
Котормосу: «Оо, балам! Эч кимден сенин жүрөгүң кирлебестен таңды жана кечти өткөрө ала турган болсоң ошондой кыл» - деп, дагы: «Оо, балам! Ошондой кылуу менин сүннөтүм. Ким менин сүннөтүмдү тирилтсе ал мени чындап сүйгөн болот. Ким мени сүйсө бейиште мени менен бирге болот».
والله اعلم
Жооп берди:
Татиков Рафаил
Текшерди:
Исмайилов Жигитали