KGRU 996 (312) 486322 | darulifta.kg@mail.ru | Бишкек шаары, Гоголь көчөсү-57, 720021
Кыргызстан Мусулмандарынын
Дин Башкармалыгынын фатва, диний
адабияттар жана «халал» иштери бөлүмү

Фондовый рынок аркылуу акча тапса болобу?

Фондовый рынок аркылуу акча тапса болобу?
Фондовый рынок, биржалар аркылуу акча тапса болобу? Нефть, алтын, криптовалюта ж.б. нерселерди сатса, баа тушуп кетсе пайда түшөт. Сатып алса, баа өсүп кетсе пайда түшөт.

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

 الجواب جامدا ومصليا

Фондовый рыноктордо ар кыл нерселердин соода-сатыгы жүрөт жана ар бир нерсенин өкүмү өзүнчө болот. Кээ бир нерселер адал болот, кээ бирлери адал болобойт.

Ошондой эле соода-сатыктын келишимдери шариатка туура келиш керек, бирок көпчүлүк келишимдер шариаттын соода-сатык принциптерине туура келбейт.

Ошондой эле ал жакта көп арам нерселер сатылат жана көп келишимдер туура болбогон себебинен ошол жакта иштеген адамдардын акчалары адал эмес. Мисалы: криптовалюта боюнча азыркыга чейин аалымдардын ортосунда талкуу жүрүп жатат, алар бир чечимге келе элек. Криптовалютаны, мисалы, биздин мамлекет жана башка көп мамлекеттер акча катары кабыл кылган эмес, ал эми кээ бир мамлекеттер аны товар кээ бирлери акча деп кабыл кылышкан, бирок акчанын толук өкүмдөрдү берген эмес.

Фондовый рынокто соода-сатык мамилелери үч түрдүү болот (контракттар):

1. Нак соода-сатык (мгновенный (спот) контракты). Бул түрү шариатка дурус келет, эгерде төмөнкү эрежелер сакталса:

А)Сатылып жаткан товар сатуучунун колдунда жана бар болуусу зарыл.

في الدر: (والمعدوم كبيع حق التعلي)... ومنه بيع ما أصله غائب... (و) بطل (بيع مال غير متقوم)... (كخمر وخنزير وميتة لم تمت حتف أنفها)... إلخ (رد المحتار ٥/٥۲ ط: سعيد).

ومنها القبض في بيع المشترى المنقول فلا يصح بيعه قبل القبض... إلخ (البدائع الصنائع ٥/١۸٠ ط: دار الكتب العلمية).

Б)Сатылып жаткан товардын сыпаттары анык жана көлөмү белгилүү болуусу зарыл.

في الدر: (وشرط لصحته معرفة قدر) مبيع وثمن (ووصف ثمن) كمصري أو دمشقي (غير مشار) إليه (لا) يشترط ذلك في (مشار إليه) لنفي الجهالة بالإشارة... (رد المحتار ٤/٥۲٩-٥۳٠ ط: سعيد).

В) Сатылып жаткан нерсе адал болуусу зарыл.

في الدر: (بطل بيع ما ليس بمال)... (كالدم)... (والميتة)... إلخ (رد المحتار ٥/٥٠-٥١ ط: سعيد).  

Г) Бир тарапка пайда бере турган жана соода-сатыка туура келбеген шарттар болбош керек.

في الدر: (و) لا (بيع بشرط) عطف على إلى نيروز يعني الأصل الجامع في فساد العقد بسبب شرط (لا يقتضيه العقد ولا يلائمه وفيه نفع لأحدهما أو)... إلخ (رد المحتار ٥/۸٤-۸٥ ط: سعيد).

ومنها الخلو من الشروط الفاسدة وهي أنواع منها شرط في وجوده غرر... إلخ (البدائع الصنائع ٥/١٦۸ ط: دار الكتب العلمية).

Д) Алтын жана күмүштүн сатып алып жаткан учурда колдон колго берүү керек, болбосо бул соода шариатта дурус эмес. Фондовый биржада алтын, күмүш соода болгон учурда колго тийбейт. Ошол үчүн биржада алтын, күмүш сатып алуу болбойт.

في الدر: (بيع الثمن بالثمن)... (ويشترط) عدم التأجيل والخيار (التماثل)أي التساوي وزنا (والتقابض) بالبراجم لا بالتخلية (قبل الافتراق) وهو شرط بقائه صحيحا على الصحيح (رد المحتار ٥/۲٥٧-۲٥۸ ط: سعيد).

Е) Эгерде, сатып алган нерсе адал болсо, мисалы, нефть, акция жана башка нерселер, аларды сатып алганга болот. Акцияларды сатып алуу шариатта уруксат берилет, бирок эске ала турган бир нече себептер бар:

– Кээ бир компаниялардын иш адал болбогон себептүү акциялары арам болот. Мисалы: арак сатышат же риба мамилелерди кылышат.

– Акция же башка сатып алган буюмдарды кабза (колго алуу) керек, башкача айтканда, өз мүлкүнө өткөзүп алуу керек. Ал эми биржада көпчүлүк убакытта кабза кылганга чейин эле сатып салышат, бул шариатта туура эмес. Ошол үчүн аны кабза кылгандан кийин сатыш керек. Ал эми ар бир нерсенин кабзасынын (колго алуунун) шарттарды ар кандай.

Бул шарттар көбүнчө сакталбайт.

والحاصل من هذه الدراسة أن من اشترى سهما، قإنه لا يجوز له شرعا أن يبيعه قبل التسليم الفعلي الذي يتم في موعده. وهذا من أقوى الأسباب لتفادي المضاربات التي تقع في سوق الأسهم على أساس التخمين، والتي أفسدت النظام كله والله سبحانه وتعالى أعلم, (فقه البيوع ١/۳۸۸ ط: معارف القرآن).

2. Форвард контракттар (келечектеги соода-сатыктын контракттары (отсроченные)).

Сооданын бул түрү бир нече себептен шариатка туура келбейт:

– Келечектеги соода-сатыктын контракттары шариатта байас-салам деген мамиледе каралган. Бирок байас-саламдын эрежелери бул мамилеге туура келбейт.

 – Бул мамиледе эки бадл (товар жана акча) узартуу мөөнөтү менен берилет, себеби товардын төлөмү соода болгон учурда берилбейт. Бул шариатта байул-кали бил-кали деп аталат (карызды карызга сатуу),  ал эми бул дурус эмес.

– Соода болгон учурда да, көбүнчө ушул мамилелерде, товар сатуучунуку болбойт. Жана бул мамиленин максаты, көпчүлүк учурда, товарды сатуу жана сатып алуу эмес, бирок максаты баалардын айырмасынын негизинде пайда алуу. Мунун ичинде кимар бар.

فأما البيوع المستقبلة فالمراد منها البيوع المضافة إلى المستقبل... وفيه عدة محظورات من الناحية الشرعية:

الأول: أنه بيع مضاف إلى المستقبل، وسيأتي (في شروط البيع التي ترجع إلى صلب العقد) أنه محظور شرعا في غير السلم، وشروط السلم منفية في مثل هذا البيع.

الثاني: أنه يستلزم تأجيل البدلين ، وبيع الكالئ بالكالئ؛ لأن صمن البيع لا يدفع عادة عند العقد، بل عند حلول التأريخ المعقود عليه.

الثالث: أن المبيع في معظم هذه العقود لا يكون مملوكا للبائع عند العقد... إلخ (فقه البيوع ١/۳۸۳ ط: سعيد).

ومنها شرط الأجل في مبيع العين والثمن العين...ويجوز في المبيع الدين وهو السلم بل لا يجوز بدونه عندنا (البدائع الصنائع ٥/١٧٤ ط: دار الكتب العلمية).

3. Фьючерс соода-сатыгы, опцион жана своптор  деген мамилелер. Азыркы учурда ушул колдонгон мамилелердин баары, шариатка туура келбейт.

Фондовый рыноктогу ортомчулардын максаты баалардын азайып же көбөйүүсүнөн себебинен акча табуу. Бул өзү шариаттын соода-сатык максатына туура келбейт.

Ошол үчүн фондовый рынокто соода-сатык кылуудан сактануу керек.

وقد شاع في زماننا التجارة في أسهم الشركات، وإن السوق التي تتداول فيها الأسهم تسمى بورصة. وإن هذا التداول يتم عن طريق سماسرة. وإن هذا التداول لا يتقيد بالضوابط الشرعية. فكثيرا ما يبيع الأسهم من يملكها... إلخ (فقه البيوع ۲/١٠٧٠).

والله اعلم

Жооп берди:
Татиков Рафаил
Текшерди:
Исмайилов Жигитали
Жакты
+1
23:27
546

Башка фатвалар

Жолдон акча тапса алганга болобу же жокупу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Эгер табылган нерсе өтө эле жөнөкөй болуп, ээси
Алланы элестетүүгө болобу?
Адам баласынын элеси, кыялы анын сезүү органдарынын чегинен чыга албайт, ошондуктан Алла Тааланы эле
Үч талактан соң аялы менен кайра кошулууга болобу?
“Талак” сөзү арабчадан “бошотуу”, “ыргытуу” деп которулат, ал эм