KGRU 996 (312) 486322 | darulifta.kg@mail.ru | Бишкек шаары, Гоголь көчөсү-57, 720021
Кыргызстан Мусулмандарынын
Дин Башкармалыгынын фатва, диний
адабияттар жана «халал» иштери бөлүмү

Имамдын даараты бузулуп калса эмне кылат?

Имамдын даараты бузулуп калса эмне кылат?
Имамдын даараты бузулуп калса эмне кылат?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Намаз учурунда имамдын даараты бузулса, ал өзүнүн ордуна орун басарды коюп даарат алууга жөнөйт. Ал эми, орун басары калган намазды акырына чейин бүтүрүп салам берет. Эгер намаз бүткөнчө имам даарат алып келип калса орун басарга уюп намазын толуктайт. Орун басарды жылдырып ордуна туруп кайрадан имамчылык кылбайт. Ал эми, эгер орун басар салам берип намазды бүтүрсө, анда имамга ыктыяр берилет. Кааласа намазын кайра башынан окуйт – ушул абзел. Кааласа калган намазын даарат алган жайында же даараты бузулган орунга жакыныраак жерге келип окуйт.

Ал эми, эгер имамдын даараты бузулганда, артындагы уюуучулардын баары балагатка жете элек жаш балдар же аял болсо, анда баарынын намазы бузулат, себеби жаш бала менен аял имамчылык кылууга ээ эмес.

ومن سبقه الحدث في الصلاة انصرف فان كان اماما استخلف و توضأ وبني، (فتح القدير: ج/١،ص/٣٢٨، باب الحدث في الصلاة، فتاوي شامي: ج/١،ص/٦٠١، باب الإستخلاف، ط:سعيد، بدائع الصنائع: ج/١،ص/٢٢٦، كتاب الصلاة فصل وأما شرائط الإستخلاف، ط:سعيد).

(ويتم صلاته ثمة) وهو أولي تقليلا للمشئ (او يعود الي مكانه) ليتحد مكانه (كمنفرد) فإنه مخير، وهذا كله (ان فرع خليفته والا عاد الي مكانه) حتما لو بينهما ما يمنع الإقتداء، (الدر المختار مع رد المحتار : ج/١،ص/٦٠٦، باب الإستخلاف، ط:سعيد).

فَقَطْ وَاللهُ تَعَالٰی أَعْلَمُ وَ عِلْمُهُ أَتَمُّ

Жооп берди:
Умар Темирбаев
Текшерди:
Исмайилов Жигитали
Жакты
+2
23:46
622

Башка фатвалар

Жамаат менен намаз окуп жатып даарат бузулуп калса, даарат алуу үчүн саптан кантип чыгуу керек?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Жамаат менен намаз окуп жатып даарат бузулуп ка
Эгерде монтаж кылуучу көбүкчө же клей колго жабышып калса кандай кылып даарат алуу керек?
Даарат орундалыш үчүн, милдеттүү жуулчу мүчөлөргө суу жетиш керек.
Имам сажда саху кылуусун унутуп калса эмне кылат?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Эгерде имам сажда саху кылу