Талак жөнүндө көп берилген суроолор [4 бөлүк]
Суроо: Талактан башка ажырашуу ыкмасы барбы?
Жооп: Ооба, бар, ал хула деп аталат. Күйөөсү менен аялы мындан ары үй бүлөнү сактап, шарияттын чегинде жашоого мүмкүнчүлүк болбой калды деп чечишсе, анда аялынын белгилүү материалдык өлчөмдө төлөм берип, ажырашууларында коркунучтуу эч нерсе жок. Хуланын эрежеси мындай, аялы мынча суммадагы акчага (кандайдыр бир баага ээ материалдык буюмга) мен сени менен хула кылам десе, күйөөсү “мен хуланы кабыл кылдым” десе анда дароо талак баин күчүнө кирет жана аялы айтылган сумманы күйөөсүнө берүүгө милдеттүү.
Суроо: Хула үчүн акы алуу макрух же күнөө эмеспи?
Жооп: Эгерде күйөөсү айыптуу болсо, анда хула үчүн акы алуу макрух болуп эсептелет. Ал эми айыптуу аялы болсо, хуланы берилген махрдын өлчөмүнөн ашырбай алууга уруксат берилет, ашыгы макрух болуп эсептелет.
Суроо: Акы алып берилген талактын абалы кандай?
Жооп: Күйөөсү аялына “мен сага баланча суммадагы акчага талак берем” десе, аялы бул шартты кабыл алса, талак күчүнө кирет жана аялы күйөөсүнө макулдашылган суммадагы акчаны берүүгө милдеттүү. Бул учурда талак баин болуп эсептелет.
Суроо: Бул маселеде материалдык каражаттын кайсы түрүн колдонсо болот?
Жооп: Махрга жарай турган материалдык каражаттын бардык түрү хулага жарайт.
Ружъат
Суроо: Күйөөсү бир же эки рожий талак берсе, ал аялын нике кыйдырбай эле кайра кайтара алабы, бул үчүн аялынын макулдугу зарылбы?
Жооп: Ражий талактан кийин аялын кайттардым деп кайтарып алса болот. Бул үчүн аялынын макулдугу милдеттүү шарт болуп эсептелбейт.
Суроо: Талактан кийин аялын кантип туура кайтарып алуу керек?
Жооп: Күйөөсү “мен аялымды кайтарып алдым” же “мен сени кайтарып алдым” деген сөздөр аркылуу кайтарып ала алат. Бул «ружу′ биль коуль” деп аталат. Жана ошондой эле ружъу эгерде күйөөсү аялын өпсө, же аны менен жыныстык катнаш кылса, же аялын кумардануу менен кармаса анда бул дагы ружуъ катары эсептелет жана «ружу′ биль ф′иль» деп аталат. Аялын сөз аркылуу кайтарып алуу жактырылган амал болуп эсептелет. Ружу′ биль ф′иль макрух болуп эсептелет.
Суроо: Ружуъду сөз аркылуу иш жүзүнө ашырууда күбөлөрдүн болуусу милдеттүүбү жана аялынын болуусу керекпи?
Жооп: Күбөлөрдүн болуусу дурус, бирок милдеттүү шарт эмес. Аялынын болуусу да милдеттүү эмес.
Суроо: Ружуъду кайсы учурда кылса болот?
Жооп: Ружуъду идданын мөөнөтү өткөнчө жасаса болот. Андан соң ружуъ күчүн жоготот.
Суроо: Идданын мөөнөтү өткөн соң күйөөсү аялын идданын мөөнөтүндө кайтарып алдым десе, эмне кылуу керек?
Жооп: Эгерде аялы күйөөсүнүн сөзүн кубаттаса анда күйөөсүнүн сөзү кабыл алынат, ал эми аялы четке какса, анда күйөөсүнүн сөзү кабылалынбайт жана ружуъ жараксыз болуп эсептелет. Аялынын бул учурда антына туруусу милдет эмес.
Суроо: Күйөөсү: “Мен сени кайтарып алдым” десе, аялы: “Бирок идданын мөөнөтү өттү” десе, бул ружъат жарактуу болуп эсептелеби?
Жооп: Имам Абу Ханифа бул ружъат күчсүз деп эсептейт, ал эми имам Абу Юсуф жана имам Мухаммад күчүндө деп эсептешет.
Суроо: Үчүнчү айыздын каны токтосо ружъаттын убактысы аяктайбы?
Жооп: Эгерде он күн өткөндөн кийин токтосо, анда ружъаттын убактысы аяктайт, ал эми он күнгө чейин токтосо, анда аял гусул алмайынча, же намаздын убактысы өткөнчө же аял таяммум алып жана намаз окуганча ружъат кылса болот.
Эскертүү: Идда мезгилинде күйөөсүнүн талак берген аялына, уруксат сурамайынча же аялы күйөөсүнүн жакындап келе жатканын укмайынча кирүүсү дурус эмес. Бул мезгилде күйөөсү аялын кайтарып алуусу үчүн аялынын жасанып түзөнүүсү дурус деп эсептелет. Эгерде күйөөсү идданын мөөнөтүндө аялы менен жыныстык катнаш жасаса күнөө болуп эсептелбейт жана ружъат күчүнө кирет. Бирок мындай кылуу дурус эмес. Эң жакшысы аялын күбөлүрдүн катышуусунда аялын сөз аркылуу кайтарып алганы дурус. Бул талак рожийге тиешелүү.
Талак баин жана үч талакка тиешелүү суроолор
Суроо: Эгерде күйөөсү аялына талак баин берсе, алар сөз аркылуу жараша алышабы?
Жооп: Ооба, идданын мөөнөтүндө же андан кийин кайтадан нике кыйып, бардык шарттарын аткаруу аркылуу жарашса болот.
Суроо: Эгерде күйөөсү аялына үч талак берген болсо, алар кайрадан үйлөнүшө алабы?
Жооп: Жок, күйөөсү аялына үч талак берген болсо, анда алардын кайрадан үйлөнүүсү мүмкүн эмес.
Суроо: Кайсы учурда кайрадан баш кошо алышат?
Жооп: Аялы идданын мөөнөтү өткөн соң кайрадан бөлөк эркекке никеге туруп, аны менен жыныстык катнашта болуп, андан соң ал күйөөсүнөн кайсы бир себептер менен талагы берилсе же күйөсү каза болсо, иддасынын мөөнөтү өткөн соң мурунку күйөөсүнө турмушка чыга алат. Бул «халяла шар′ия» деп аталат.
Туура эмес түшүнүк; Кээ бирөөлөр «халяла шар′ияны» үй бүлөнү кошуу үчүн кылуу керек дешет. Бул жаңылыш түшүнүк. Халяля кылуу үчүн кимдир бирөө менен атайын келишим түзүү күнөө жана туура эмес болуп эсептелет. Хадисте айтылган: “Алла Таала (келишим менен) халяля кылганды (экинчи күйөөнү) жана халяля кылдырган адамды (биринчи күйөөнү) каргыштаган.
Негизи үч талактан соң алар кайрадан үйлөнө алышпайт жана алар жашоолорун ар кимиси өзүнчө куруулары керек. Эгерде аялы турмушка чыгып жана экинчи күйөөсү менен жыныстык катнаш болгондон кийин кандайдыр бир себептер менен ажырашса, анда аларга идда шартын сактоо менен кайрадан никелешүүгө уруксат берилет.
Суроо: Эгерде талак алуу шарты менен экинчи күйөөгө чыккан болсо жана талагын алгандан кийин кайтадан мурунку күйөөсүнө турмушка чыга алабы?
Жооп: Ооба, талагын алгандан кийин кайтадан мурунку күйөөсүнө турмушка чыга алат, бирок талак алуу шарты күнөө болуп эсептелет.
Суроо: Аялы мурунку күйөөсүнө кайтып келген соң, ал күйөөсү канча талак берүүгө укуктуу?
Жооп: Кайтып келген күйөөсү үч талак берүүгө укуктуу.
Суроо: Аял мурунку күйөөсүнө турмушка чыкканын жана экинчи күйөөсүнөн талак алганын айтса, мурунку күйөөсү аялынын сөзүнө эле таянуу менен ага кайрадан үйлөнө алабы?
Жооп: Ооба, эгерде мурунку күйөөсүнүн аялынын чындыкты айтып жатканына ишеними бекем болсо, жана жетишээрлик көп убакыт өткөн болсо.