Талак жөнүндө көп берилген суроолор [5 бөлүк]
Аль-Идда
Суроо: “Идда” деген эмне?
Жооп: Идда – бул ажырашуунун себебинен (талактан) же күйөөсүнүн өлгөнүнө байланыштуу аялдын милдеттүү түрдө белгиленген үйдө болуу мөөнөтү. Аялга бул мезгилдин ичинде күйөөгө чыгууга тыюу салынат. Идданын мөөнөтү идданын түрүнө жараша ар кыл болот.
Суроо: Идданын мөөнөтү кандай?
Жооп:
1. Айыз көргөн аялга үч айыз мөөнөтү. Идданын бул түрү «иддатут-талак» деп аталат.
2. Айызы токтогон аялдын иддасынын мөөнөтү үч ай.
3. Күйөөсү өлгөн аял үчүн идданын мөөнөтү, эгерде анын боюнда болбосо, төрт ай он күн. Идданын бул түрү «иддатуль-вафат» деп аталат.
4. Эгерде аял кош бойлуу болсо, анда анын иддасынын мөөнөтү төрөгөнгө чейин.
Суроо: Эгерде күйөөсү аялына айыз учурунда талак берсе, ошол айызы иддасынын мөөнөтүнө киреби?
Жооп: Жок, кирбейт, иддасынын мөөнөтү аялдын кийинки айызынан баштап эсептелет.
Суроо: Аял талак алгандан кийин иддасынын мөөнөтүндө күйөөсү өлсө, кайсы мөөнөттү өткөрөт?
Жооп: Ал эки мөөнөттүн узунураагын өткөрөт. Мындайча айтканда, эгерде иддатуль вафаты узун болсо аны, эгерде иддутут-талак узун болсо, анда ошону өткөрөт.
Суроо: Мындан аялга кандай пайда?
Жооп: Пайдасы бул, аял иддада олтурган мезгилинде күйөөсүнүн мурасынан өзүнүн үлүшүн алат.
Суроо: Аял айызы келбей калгандыгына байланыштуу иддада айлап олтурду, анан кийин айыз канын көрдү, андан иддасын кантип өткөрөт?
Жооп: Ал идданын мөөнөтүн кан көргөн мезгилден баштап эсептеш керек, мурдагы иддада олтурган убактысы эсепке кирбейт.
Суроо: Идда кайсы убакыттан башталат?
Жооп: Идда күйөөсү талагын бергенден кийин же күйөөсүнүн өлүмүнөн кийин дароо башталат.
Суроо: Никах фасид деген эмне?
Жооп: Бул никенин милдеттүү шарттары сакталбай, мисалы, күбөлөрү жок, же күйөөдөгү аял менен кыйылган нике.
Суроо: Эгерде мындай нике кыйылып калса эмне кылуу керек?
Жооп: Бул учурда күйөөсү “мен сени кое бердим” деп айтып аялын таштоо керек.
Суроо: Никах фасидди бузуу менен идданы өткөрүү керекпи?
Жооп: Ооба, эгерде ортолорунда жыныстык катнаш болсо.
Суроо: Нике кыйылгандан кийин жаңы үйлөнгөндөрдү ортосунда жыныстык катнаш болбой туруп күйөөсү талак берди, аял иддада болобу?
Жооп: Жыныстык катнаш болбосо да жыныстык катнаш кылууга эч кандай тоскоолдук кылбай тургандай ээн калышса, анда аял иддада болууга тийиш. Мындай ээн калуу «халватун сахихатун» деп аталат. Ал алар ээн калышса да, бирок жыныстык катнаш кылууга тоскоол болуучу, мисалга аялынын айызы келген, сыяктуу шарттар түзүлсө да аял иддада болууга тийиш, мындай абал «халватун фасидатун» деп аталат.
Суроо: Аял идда учурунда жаңылып бирөө менен жыныстык катнашта болуп койду, ал идданы кайра баштайбы?
Жооп: Аял мурунку иддасына кошуп, жаңысын да кайра баштоого тийиш. Мындайча айтканда, ал эки идданы тең өткөрүүгө тийиш. Мисалга, аялдын күйөөсү өлгөнүнө байланыштуу төрт ай он күнгө иддага олтурду да бирөө менен жыныстык байланыш кылды. Жыныстык байланыш кылгандыгы себебинен ал үч айыз иддада болууга тийиш. Эгерде үч айызы мурдараак бүтсө, анда ал төрт ай он күн иддасын аяктоого тийиш. Ал эми төрт ай он күн өтсө, бирок айыздын иддасы бүтпөсө анда уч айызы бүткөнчө иддада болот.
Суроо: Күйөөсү аялына баин талак берди, андан соң аялына нике кыйып жарашты да жыныстык катнаш кылбай туруп аялына кайра талак берди, аял идданы кайра башынан баштоого тийишпи?
Жооп: Имам Абу Ханифа баштоого тийиш деп эсептейт, ал эми имам Мухаммад аялга биринчи иддасын аяктоо жетиштүү дейт.
Аль-Ихдад (аза күтүү)
Суроо: Аль-Ихдад деген эмне?
Жооп: Аль-Ихдад деген бул иддада олтурган аялга идда учурунда кооз кийимдерди кийинип, упа эндик сыйпанып, атыр духилерди себинүүгө, алтын күмүш жасалгаларды тагынууга тыюу салынат. Ал иддасы менен өзүнүн кайгысын, кейигенин билдирүүгө тийиш. Эгерде жогоруда аталып кеткендердин бирин кыла турган болсо, ал күнөө кылды болуп эсептелет. Ошондой эле идда учурунда аял үйдө болуп, үйдөн олуттуу себепсиз чыкпоосу керек.
Суроо: Аял кайсы учурда ихдадды карманат?
Жооп: Эгерде аял мусулман, балагатка жеткен болсо жана никенин бузулуусу күйөөсүнүн өлүмү же баин талак себептүү болсо, анда ал ихдадды карманат.
Суроо: Иддада олтурган аялга үйдөн чыгууга болобу?
Жооп: Баин талак же рожий талак себебинен, иддада олтурган аялга күндүз да, түндөсү да үйдөн чыгууга болбойт. Бирок, иддада иддатуль-вафат (күйөөсүнүн өлүмү) себебинен олтурса, анда ага үйдөн күндүз жана бир аз убакытка түндөсү сыртка чыгууга уруксат берилет, бирок үйүндө түнөөгө тийиш.
Суроо: Талак алган же күйөөсү өлгөн аял идданы кайсы жерде өткөрүүгө тийиш?
Жооп: Аял идданы күйөөсү менен бирге жашаган жана ажырашкан жерде, ал эми күйөөсү өлгөн аял, күйөөсү менен бирге жашаган үйдө өткөрөт. Эгерде күйөөсү өлгөн аялдын мурастан алар үлүшүнүн өлчөмү аз болсо жана мураскорлор аны үйүнөн чыгарып койсо, анда ал иддасын башка жерде өткөрөт.
Ар кыл суроолор
Суроо: Идда учурунда аялга турмушка чыгууну сунуш кылууга болобу?
Жооп: Идда учурунда турмушка чыгуу жөнүндө ачык айтууга уруксат берилбейт. Бирок, четин чыгарып билдирүүгө болот. Мисалга, мен ушундай, ушундай сыпаты бар аялга үйлөнгүм келет” деп ж.у.с. ал аялдын сыпаттарын айтып ага турмушка чыгууну сунуштоого болот.
Суроо: Аялдын зына кылганы себебинен боюна бүтсө, ал төрөгөнчө турмушка чыкса болобу?
Жооп: Ооба, нике кыйдырып алууга болот, бирок төрөгөнчө күйөөсү менен жыныстык катнаш кылууга болбойт. Ал эми нике зына кылган киши менен болсо, анда уруксат берилет.