KGRU darulifta.kg@gmail.com | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Талак жөнүндө көп берилген суроолор [6 бөлүк]

Талак жөнүндө көп берилген суроолор [6 бөлүк]

Нафака

Суроо: Нафака деген эмне?
Жооп: Нафака – бул камкордун өзүнүн камкордугундагыларга сарптаган чыгымдары. Шарият боюнча эркек адам өзүнүн никесиндеги  аялын же аялдарын же никеден төрөлгөн балдарын багууга милдеттүү. “Нафака” термини бойго жеткен балдарынын карыган ата энелерин же колунда жок бир туугандарын, эже-карындаштарын  камсыздоо үчүн чыгымдаган акча каражаттарын да билдирет. Мындайча айтканда, шарият боюнча адам багууга милдеттүү болгон адамдарды материалдык каражаттар менен камсыздоону билдирет. 

Суроо: Күйөөсү аялын эмнелер менен камсызоо керек?
Жооп: Күйөөсү аялын үй жай, тамак аш жана кийим кече менен камсыздоого милдеттүү.

Суроо: Аялды багууга байланыштуу шарияттын кандай өкүмдөрү бар?
Жооп: Төмөндө шарияттын ушуга байланыштуу негизги өкүмдөрү келтирилет:
1. Шариятка ылайык күйөөсү аялын ал мусулман болсун же Китеп ээлеринен болсун, эгерде ал күйөөсү менен бирге жашай турган болсо (эгерде ал өзүн толук күйөөсүнүн ыктыярына өткөрүп берген болсо),  камсыз кылууга милдеттүү. Жогоруда айтылгандай ал үй жай, тамак аш жана кийим кече менен камсыз кылууга милдеттүү.
2. Эгерде аялы күйөөсүн укпай, аны менен бирге жашабай турган болсо, анда аялы өзүн толук анын ыктыярына өткөрүп берип, бирге жашоо үчүн анын үйүнө бармайынча күйөөсү аны камсыз кылууга милдеттүү эмес.
3. Эгерде аялы күйөөсү махрын төлөп бербегендиги үчүн анын үйүнө жашоого барбай жаткан болсо, анда күйөөсү аны багууга милдеттүү. 
4. Эгерде аял күйөөсүнөн башка махрамы менен  ажылык кыла турган болсо, анда ага нафака берилбейт. 

Суроо: Эгерде аялдын турмушка чыга электе кызматчысы болсо, күйөөсү үйлөнгөндөн кийин анын кызматчысын да багууга милдеттүүбү?
Жооп: Эгерде күйөөсү колунда бар бай адам болсо милдеттүү, болбосо милдеттүү эмес.

Суроо: Күйөөсү жардыланып, аялын багууга кудурети жетпей калды, казы аларды ажыраштыра алабы?
Жооп: Жок, ажыраштыра албайт. Бирок, аялы күйөөсүнүн атынан карыз алса болот.

Суроо: Күйөөсү менен аялынын материалдык абалдары ар кандай болсо, нафаканын өлчөмүн аныктоодо, кимисинин абалын эске алабыз?
Жооп: Экөөнүн тең абалын эсептеп, экөө тең кабыл кыла турган  нафаканын орточо өлчөмүн белгилөө  керек.

Суроо: Бир канча мезгилге чейин күйөөсү аялын камсыз кылган жок, аялы өзүн өзү иштеп таап камсыздады, ал күйөөсүнөн өзүнө сарптаган чыгымдарды талап кылууга укугу барбы?
Жооп: Эгерде, нафаканын өлчөмү казы тарабынан белгиленген болсо, анда өзүн камсыздаган убактагы чыгымдарын талап кылууга укугу бар, эгерде белгиленбесе анда укугу жок.

Суроо: Күйөөсү белгиленген нафаканы келээрки бир жылга төлөдү, анда соң алардын бири кайтыш болду, аялы же мураскорлору нафаканын калган бөлүгүн кайтарып берүүгө милдеттүүб?
Жооп: Имам Абу Ханифа аялы кайтарып берүүгө милдеттүү эмес деп, ал эми имам Мухаммад милдеттүү деп эсептешет.

Суроо: Күйөөсү аялына кандай үй жай менен камсыз кылыш керек?
Жооп: Ал аялына өзүнчө туугандары чогуу жашабаган бөлмө менен камсыз кылууга тийиш. Эгерде аялы күйөөсүнүн туугандары менен бир турууга макул болсо, анда ал анын укугу.

Суроо: Күйөөсү аялына өзүнчө үй сатып берүүгө милдеттүүбү?
Жооп: Жок, милдеттүү эмес. Күйөөсүнүн аялын бөлөктөр кире албай турган өзүнчө эшиги, ажатканасы болгон бөлмө менен камсыз кылуусу жетиштүү. 

 

Ажырашкандан кийинки нафака

Суроо: Күйөөсү аялын идда учурунда багууга милдеттүүбү?
Жооп: рожий талак болгонбу, же баин талак болгонуна карабастан Күйөөсү, аялын идда учурунда үй жай жана тамак аш менен камсыз кылууга милдеттүү. Ал эми иддатуль-вафатта олтурган аялдын нафака алууга акысы жок. Ал өзүнө мурастын өзүнө тиешелүү бөлүгүнөн чыгымдайт. 

Суроо: Балагатка жете элек балдарды ким багат?
Жооп: Балагатка жете элек балдарды багуу атасынын милдети. Ал өзүнүн материалдык абалына жараша. 

Эгерде күйөсү материалдык жардам бербесе, анда аял сот аркылуу алиментерди төлөттүргөнгө акысы бар.

Автор:
Татиков Рафаил
00:23

Башка фатвалар

Арендага берилген квартирадан зекет берилеби?
  Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен الجواب حامدا و مصليا Кыймылсыз мүлк, эгерде ал
Дамланы чакырып дем салдыруу туурабы жана ошондо берилген акча адалбы?
Ва алайкумус салаам ва рахматуллохи ва баракаатуху Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим  
Календарда берилген убакыт менен ооз жабуу зарылбы?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا — Орозо кармаган адамдарда