KGRU darulifta.kg@gmail.com | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Бир мажлисте үч талак берүүнүн өкүмү

Бир мажлисте үч талак берүүнүн өкүмү

Бүгүнкү күндө: «Үч талакты бир орунда, бир сөз менен берсе, үч талак болуп эсептелбейт. Бир эле талак болот» деген сөз таратып, элдин башын айландырып жүргөн адамдар да жок эмес. Ошондуктан, ушул маселени Куран, хадис, ижмаъ жана төрт мазхабдын негизинде үч талактын өкүмүн баяндоону туура көрдүк.

Үч талакты бир мажлисте бир сөз менен: «Үч талак!» —  десе, же болбосо: «Талак, талак, талак» —  деп бөлүп айтса да үч талак түшөт. Ага аялы арам болот. Берген талагын да кайтарып ала албайт. Кайрадан жашайбыз дешсе, анда келинчеги башка бир адамга турмушка чыгып, кайрадан экинчи күйөөсүнөн да ажырашып келгенден кийин гана нике кылып алса болот. Мына ушул айтылган маселеде төрт мазхаб имамдары —  имам Абу Ханифа, Имам Шаафий, Имам Малик, Имам Ахмад (рахимахумуллох) баары: «Бир сөз менен үч талак түштү»  деп чечим чыгарышкан.

Мындай кылып талак берүү сүннөткө каршы, туура эмес иш. Бирок, талак түшөт жана бул «Талак мугалаза —  оор талак» деп эсептелет.

Аллах Таала Курани Каримде «Бакара» сүрөсүндө талак өкүмүн мындайча баяндаган:

الطَّلَاقُ مَرَّتَانِ فَإِمْسَاكٌ بِمَعْرُوفٍ أَوْ تَسْرِيحٌ بِإِحْسَانٍ

«Талак эки жолу берилет. Андан кийин же жакшы жол менен жашап калышат, же болбосо жакшы жол менен ажырашышат».

Мына ушул аяттан аалымдар «Үч талак деп бир эле жолу айтса, үч талак түшөт» —  деп маселе чыгарышкан. Бул маселенин келип чыгышы мындайча: Курани Каримде «Талак эки жолу берилет» —  дегендин мааниси —  эки талакты бөлүп берсе да, же бир учурда берсе да эки талак түшөт. Ушул абалдын негизинде, эгерде эки талак бир учурда айтуу менен түшө турган болсо, анда үч талак да бир учурда айтуу менен түшөт —  деген жыйынтык келип чыгат. Себеби «Эки талак түшөт. Үчөө түшпөйт»— деп эки жана үч сөзүн айырмалоо туура эмес.

Бир мажлисте (бир учурда) үч талак берсе ал түшөбү же түшпөйбү? —  деген маселеде негизинен белгилүү үч мазхаб бар.

1 – Ахли сунна вал жамаат болгон төрт мазхаб имамдары Имам Абу Ханифа (ага Аллахтын рахматы болсун), Имам Шаафий (ага Аллахтын рахматы болсун), Имам Малик (ага Аллахтын рахматы болсун) жана Имам Ахмад (ага Аллахтын рахматы болсун), булардын көз карашы. Бул төрт имамдын мазхабы боюнча: «Аялына үч талак түшөт. Аялы ага арам болот. Шарият көрсөткөндөй халаласыз кайрадан нике кылганга болбойт».

2 – Шиялардын Жаъфария фыркасынын көз карашы боюнча: «Бир да талак түшпөйт» —  деп айтышат. (Алхуллий аш шиъий фи шароиъил ислам 2 т., 57 бет)

3 – «Бир талак түшөт жана аялына кайрадан ружуъ кылганга (кайтканга) ыктыяры бар» —  дешет. Алар —  кээ бир Ахли зовахир жана  Ибн Таймия (ага Аллахтын рахматы болсун), Ибн Кайюм (ага Аллахтын рахматы болсун) көз караштары.

Ахли сунна вал жамааттын төрт мазхаб имамдарынын баары бир мажлисте үч талактын түшүүсүнө хадистен болгон далилдери:

1) «Сунану Насаи» китебинде келген:

اخبر رسول الله صلى الله عليه و سلم عن رجل طلق امرأته ثلث تطليقات جميعا فقام غضبانا ثم قال: أ يلعب بكتاب الله و انا بين اظهركم

Пайгамбарыбызга (Аллахтын ага салам жана салаваты болсун) «Аялына үч талак бериптир»  деген киши тууралу кабар келгенде, Пайгамбарыбыз (Аллахтын ага салам жана салаваты болсун) өйдө туруп: «Мен тирүү турган кезимде эле Аллахтын китеби менен ойнойсуңарбы» деп ачууланды.

Бул риваят боюнча, Пайгамбарыбыз (Аллахтын ага салам жана салаваты болсун) үч талак берген кишиге катуу ачуусу келди. Үч талакты бир талак —  деп да айткан жок. Бирок, үч талак деп өкүм кылды.

2) Сунан Абу Дауд китебинде келген риваят: 2.242

سنن أبو داود - (2 / 242(

حَدَّثَنَا أَحْمَدُ بْنُ عَمْرِو بْنِ السَّرْحِ حَدَّثَنَا ابْنُ وَهْبٍ عَنْ عِيَاضِ بْنِ عَبْدِ اللَّهِ الْفِهْرِىِّ وَغَيْرِهِ عَنِ ابْنِ شِهَابٍ عَنْ سَهْلِ بْنِ سَعْدٍ فِبهَذَا الْخَبَرِ قَالَ فَطَلَّقَهَا ثَلاَثَ تَطْلِيقَاتٍ عِنْدَ رَسُول ِاللَّهِ –صلى الله عليه و سلم فَأَنْفَذَهُ رَسُولُ اللَّهِ صلى الله عليه و سلم وَ كانَمَا صُنِعَ عِنْدَ النَّبِىِّ صلى الله عليه و سلم سُنَّةً.

Хазрат Сахил ибни Саад (Аллах андан ыраазы болсун) аялына Пайгамбарыбыздын (Аллахтын ага салам жана салаваты болсун) алдында үч талак берди эле, Пайгамбарыбыз (Аллахтын ага салам жана салаваты болсун.) үч талак түштү деп өкүм кылды.

3) Ибн Умардан (Аллах андан ыраазы болсун): «Үч талак берсе эмне болот?» деп сурашканда: «Эгерде сен аялыңа бир, же эки талак берсең, анда сага ружуъ кылганга (аялыңа кайра кайтканга) мүмкүнчүлүк болот. Себеби, Пайгамбарыбыз (Аллахтын ага салам жана салаваты болсун) мага дагы ружуъ кылганга өкүм берген. Ал эми үч талак берсең, анда аялың сага арам болот. Башка бирөөгө турмушка чыгып келмейинче алганга болбойт» — деп жооп берди. Мына ушул айтылган хадистерден жана башка дагы көптөгөн хадистерден Пайгамбарыбыздын (Аллахтын ага салам жана салаваты болсун) заманында да үч талакка чечим чыкканы билинди.

4) Айша (Аллах андан ыраазы болсун) энебизден риваят: «Бир киши аялына үч талак берди. Ал аял башка бирөөгө турмушка чыгаар замат, экинчи күйөөсү менен кошулбай туруп эле талак берип салды. Сахабалар Пайгамбарыбыздан (Аллахтын ага салам жана салаваты болсун): «Биринчи күйөөсүнө адал болобу» —  деп сурашканда, «Жок, нике кылып биринчи күйөөсү менен жыныстык катнаш кылгандай, экинчи күйөөсү менен катнаш кылбаса, биринчи күйөөсүнө адал болбойт»  деп айтты. (Бухари  2.791)

5) Сувайид ибн Гофла (ага Аллахтын рахматы болсун) айтат: «Хасан ибн Алинин (Аллах андан ыраазы болсун) Айша Хосъамия деген аялы бар эле. Азирет Али (Аллах андан ыраазы болсун) шейит болгондон кийин, Хасандын (Аллах андан ыраазы болсун) аялы: «Халифалык сага кут болсун!» —  дегенде, Хасандын (Аллах андан ыраазы болсун) ачуусу келип: «Атамдын өлгөнүнө сүйүнүп жатасынбы?! Бар кет, сен талаксын, сага 3 талак!» —  деп айткан экен. Андан кийин аялынын артынан 10000 дирхам калыңын жибергенде, аялы аны алып туруп: «Ажырашып, коштошуп кеткен сүйүктүү адамдан келген белек аз экен»—  деп айткан сөзү, Азирети Хасанга (Аллах андан ыраазы болсун) жеткенде, ал мындай деди: «Таятамдан уккан элем»—  деп, же «Атам Пайгамбарыбыздан (Аллахтын ага салам жана салаваты болсун) уккан экен» —  деп, бул сөздөрдү айтты: «Кайсы бир эркек өзүнүн аялына үч талакты, үч тазалыгында бөлүп-бөлүп, же бир сөз менен үч талак айткан болсо, күйөөсүнө ал аял башкага тийип чыкмайынча адал болбойт. Ушул сөз болбогондо, бул аялды кайрадан никеме алмакмын» —  деп айткан.

(في. سنن الكبرى ٧ ج ص ٣٣٦ باب ماجاء في إمضاء الطلاق الثلاث)

Жогорудагы айтылган хадистерден Пайгамбарыбыздын (Аллахтын ага салам жана салаваты болсун), сахабалардын, табииндердин доорлорунда да үч талакты бөлүп, же бир учурда үч талак деп айткан болсо да, үч талак деп эсептелген экени маалым болду. Ошондуктан, Пайгамбарыбыздын (Аллахтын ага салам жана салаваты болсун), сахабалардын, табииндердин доорлорунда бир учурда айтылган үч талак бир талактын  өкүмүндө болгон деген сөздөр туура эмес.

Үч талакты бир мажлисте бир талактын өкүмүндө болот деген жамаат негизинен эки хадиске таянышат:

1) Ибн Аббастан (Аллах андан ыраазы болсун) риваят, Азирети Рукана (Аллах андан ыраазы болсун) бир мажлисте аялына үч талак берди. Андан кийин кылган ишине өтө катуу өкүнүп, Пайгамбарыбыздын (Аллахтын ага салам жана салаваты болсун) алдына келди. Пайгамбарыбыз (Аллахтын ага салам жана салаваты болсун): «Сен кантип талак бердиң?»  деп сурады. Ал: «Үч талак бердим» —  деп жооп берди. Кийин Пайгамбарыбыз (Аллахтын ага салам жана салаваты болсун): «Бир мажлистеби?» деп сурады. Ал: «Ооба, бир мажлисте»  деп айтканда, Пайгамбарыбыз (Аллахтын ага салам жана салаваты болсун): «Бул бир эле талак болот, кааласаң ружуъ кыл (аялыңа кайт)» деп айтты. Андан кийин ал аялына ружуъ кылды (кайтты). (Муснад Ахмад 4  т., 477  бет)

2) Ибн Аббас (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат: «Пайгамбарыбыздын (Аллахтын ага салам жана салаваты болсун) доорунда, Абу Бакрдын (Аллах андан ыраазы болсун), Умардын (Аллах андан ыраазы болсун) алгачкы халифалык доорлорунда бир мажлисте айтылган үч талак бир талак болуп эсептелет эле».

(صحيح مسلم ٢ج ص ٤٧٧ باب طلاق الثلاث)

Хадис аалымдары тарабынан бул эки хадиске мындай жооптор берилген: Биринчи Рукана (Аллах андан ыраазы болсун) тууралу айтылган хадиске жооп:

Мазхаб кармабагандардын бул хадистен үч талак бир талак болот деген сөзү туура эмес. Себеби, Азирети Рукананын (Аллах андан ыраазы болсун) талак берди деген хадисте изтироб бар. «Кайсы бир хадистин санадында, матында, же болбосо риваят кылуучулардын ортосунда карама–каршылыктар болсо, мына ушундай көрүнүштү —  изтироб деп айтабыз. Бул хадистеги изтироб мындайча: жогоруда айтылган риваятта Рукана (Аллах андан ыраазы болсун) аялына үч талак бергендиги айтылып жатат. Башка бир риваятта Рукана (Аллах андан ыраазы болсун) аялына «Анти толикун батта» —  деп берген деп айтылат. Талак батта менен талак берген болсо, анда бир талактан үч талакка чейин болушу мүмкүн. Мындайча айтканда, бир талакты ниет кылса бир талак, үч талакты ниет кылса үч талак түшөт. Мына ушул изтиробтун себебинен аалымдар бул хадиске ар түрдүү баа беришкен. Имам Бухари (ага Аллахтын рахматы болсун) бул хадисти: «Маълул» —  деп айткан. Аллама Ибн Абдулбир (ага Аллахтын рахматы болсун) бул хадисти: «Заиф, алсыз» — деген. Имам Абу Бакр Жассас жана Аллама Ибн Хумам (ага Аллахтын рахматы болсун) бул хадисти: «Мункар (кайтарылган)» —  деп айтышкан. Себеби, бул айтылган риваят бекем, сахих айтылган риваяттарга каршы келет. Сахих риваяттарда «Батта» деген сөз менен талак бергендиги айтылат. Имам Абу Дауд (ага Аллахтын рахматы болсун) дагы ушул сөздү туура деген. Себеби, Рукананын (Аллах андан ыраазы болсун) үй-бүлөсүндөгүлөр: «Рукана (Аллах андан ыраазы болсун) батта деп талак берген» —  деп риваят кылышкан. Өзүнүн үйүндөгүлөр үй ичиндеги болгон окуяны жакшырак билишет. Ошол себептүү «Батта» менен келген риваят туура.

(كما في رواية أبى داود١ ج ص ٢٩٨)

Кыскасы Рукананын (Аллах андан ыраазы болсун) өз аялына кайтуусунун (ружуъ) себеби мындай: Пайгамбарыбыз (Аллахтын ага салам жана салаваты болсун) бир мажлисте айтылган үч талакты бир эле талак деп эсептеп, ружууъ кылганга уруксат берген жок. Балким, Рукана (Аллах андан ыраазы болсун.) аялына бир талактын ниетинде талак батта берген эле. Ошол себептүү Пайгамбарыбыз (Аллахтын ага салам жана салаваты болсун) ружуъ кылганга уруксат берген.

2 – риваятка айтылган жооптор:

1) Имам Муслимдин риваят кылган хадисинде риваят кылуучунун тарабынан бул хадисте вахм (күмөн) болгон. Себеби, Ибн Таустан (ага Аллахтын рахматы болсун) бул риваятка каршы риваят айтылган жана Аллама Баажий (ага Аллахтын рахматы болсун) Ибн Таустун риваятын сахих деп айткан.

2) «Сунан кубро лил байхаки» аттуу китепте ушул хадис тууралу Имам Бухари (ага Аллахтын рахматы болсун) менен Имам Муслимдин (ага Аллахтын рахматы болсун) талашы айтылат. Имам Муслим (ага Аллахтын рахматы болсун) өзүнүн китебинде бул хадисти зикир кылган. Имам Бухари (ага Аллахтын рахматы болсун) аны зикир кылган эмес. Аллама Байхаки (ага Аллахтын рахматы болсун) айтат: «Имам Бухари (ага Аллахтын рахматы болсун) бул хадис Ибн Аббастын (Аллах андан ыраазы болсун) башка хадистерине каршы келгени себептүү риваят кылган эмес».

«Истизкар» деген китептин автору мындай дейт: «Бул риваятта вахм (күмөн), голат (адашуу) бар. Ошол себептүү аалымдар бул хадисти этибарга алган эмес». (Жаухарун наки ъалаа хаамиш Сунану кубро 7  т., 338 бет)

3) Эгерде бул хадисти вахмсыз (күмөнсүз), голатсыз (катасыз) карай турган болсок, андан көптөгөн маани чыгышы мүмкүн. Бир мааниси мазхаб кармабагандар айткандай болушу да мүмкүн. Бирок, ал маани башка хадистердин негизине туура келбегендиктен жана аалымдардын бири дагы бул маанини туура дебегендиктен, мындайча айтканда, «бир мажлисте үч талак берсе, бир талак түшөт деп» фатва чыгарышкан эмес. Анын себеби адамдар Пайгамбарыбыздын (Аллахтын ага салам жана салаваты болсун) доорунда гайру мадхула (нике кылып кошулбай туруп) талак бергенде (انت طالق انت طالق انت طالق) деп талак беришкен. Мына ушундай учурда биринчи талак менен аяалы байина болуп калган себебтүү кийинки талактар түшкөн эмес. Имам насафи өзүнүн «Сунану Насайи» китебинде жогорудагы хадисти (باب طلاق الثلاث المتفرقة قبل الدخول بالزوجة) деп чечмелейт.

4) Бул хадисте жалпы негиз боло турган бир эреже да айтылган жок. Балким, бул хадис бир көрүнүшкө гана таандык болуусу да мүмкүн. Ал маселенин көрүнүшү мындай: انت طالق انت طالق انت طالق Эркек киши аялына рожъий (кайтуучу) талак берип, сен талаксын сен талаксын сен талаксын деп айтып экинчи үчүнчү талактардан таакид (ошол берген рожъий талагын бекемдеш) үчүн колдонгон болушу да мүмкүн. Кийинки талактарында өзүнчө талакты ниет кылган эмес. Ушул көрүнүштө эркектин айткан сөзү тастыкталат. Ага бир талак түштү деп өкүм кылса болот. Бирок, бул айтылган сөз элдердин жүрөгүндө ыйман, аманат болгон, жүрөгү таза болгон доордо гана тастыкталат. Пайгамбарыбыздын (Аллахтын ага салам жана салаваты болсун), Азирети Абу Бакрдын (Аллах андан ыраазы болсун) доорунда элдер чынчыл жана таза болгондуктан: «Мен бир талактан кийинки талактарды такид (бекемдөө) үчүн колдондум»  деп айткан болсо, алардын сөзүнө ишенип, ошонун негизинде бир талакка өкүм кылынып келген. Ал эми Азирети Умардын (Аллах андан ыраазы болсун) доору келгенде, жалганчылар, кыянатчылар пайда боло баштады. Алардын айткан сөзүнө ишенип тастыктоо кыйын болуп калганына байланыштуу адамдарды арамдан сактоо үчүн Азирети Умар (Аллах андан ыраазы болсун) такид деген сөздү кабыл кылбастан, үч талак түшөт деген сөздү жайылткан. Бул чечим сахабалардын астында айтылган. Баары колдоп сахабалардын ижмасы болуп чечилген. Ушул жоопту Аллама Куртубий (ага Аллахтын рахматы болсун) жактырган жана Азирети Умардын (Аллах андан ыраазы болсун) жообу менен өзүнүн сөзүн бекемдеген. Умар (Аллах андан ыраазы болсун) минтип айткан: «Адамдар өздөрүнө берилген мүмкүнчүлүктү тез арада өзгөртүп алышты». Бул Имам Нававинин (ага Аллахтын рахматы болсун) да сөзү.(Такмила фатхул мулхим 1  т., 158  бет)

Бир мажлисте үч талак берсе, үч талак түшөт деп фатва берген атактуу сахабалар

1) Азирети Умардын (Аллах андан ыраазы болсун) алдына бир кишини алып келишип: «Бул адам аялына бир мажлисте үч талак бериптир» —  деп айтышканда, Азирети Умар (Аллах андан ыраазы болсун) ал кишиге жаза берип, экөөнүн ортосун ажыратып салат эле.

2) Бир киши Азирети Усманга (Аллах андан ыраазы болсун) келип:«Мен аялыма жүз талак бердим» —  дегенде, Усман (Аллах андан ыраазы болсун): «Үч талак менен аялың сага арам болду, калган токсон жетисинде сен шарияттын чегинен чыгып кеттиң» деди.

3) Азирети Алинин (Аллах андан ыраазы болсун) алдына бир киши келип: «Аялыма миң талак бердим» —  деп айтты. Азирети  Али (Аллах андан ыраазы болсун): «Үч талак менен аялың сага арам болду» деп жооп берди.

4) Бир киши Абдулла бин Масъудга (Аллах андан ыраазы болсун) келип: «Мен аялыма жүз талак берип салдым» — деди. Абдулла бин Масъуд (Аллах андан ыраазы болсун): «Үч талак менен аялың сага арам болду»  деп айтты.

Булардан сырткары Азирет Ибн Умар (Аллах андан ыраазы болсун), Ибн Аббас (Аллах андан ыраазы болсун), Имран бин Хусайн (Аллах андан ыраазы болсун), Мугира бин Шуъба (Аллах андан ыраазы болсун) жана башка сахабалар дагы бир мажлисте үч талак берген болсо үч талак түшөт деп фатва берип келишкен.

Эскертип кетчү нерсе: Жогорудагы мазхаб кармабагандардын далил кылып айткан эки хадиси тең Ибн Аббастан (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылынган эле. Фатва берүүдө бир эреже бар: кайсы бир риваят кылуучу адам өзү риваят кылган хадиске каршы фатва берген болсо, анын риваят кылган хадистерине амал кылбастан, берген фатваларына гана амал кылынат. Ошондуктан, Ибн Аббастын (Аллах андан ыраазы болсун) фатвасына амал кылабыз да, риваят кылган хадисине амал кылбайбыз. Жогоруда айтылган сахабалардын риваяттары Имам Байхакинин «Сунан Кубро» жана «Мусанаф Абдуразак», «Мусанаф Абу Шайбада»да риваят кылынган.

 Бир мажлисте үч талак берсе, үч талак түшүшү тууралу төрт мазхабтын аалымдарынын чечимдери

قال ابن الهمام الحنفي رحمه الله و ذهب جمهور الصحابة و التابعين و من بعدهم من ائمة المسلمين الى انه يقع ثلاثا

Ханафий аалымы Ибн Хумам (ага Аллахтын рахматы болсун) мындай дейт: «Көпчүлүк сахабалар, таабииндер жана алардан кийин келген мусулмандардын имамдарынын баары үч талак берсе, үч талак түшөт деп айтышкан» (Фатхул кодир 3/25)

و قال العلامة الحطاب المالكي رحمه الله و كلما طلق يلزمه

Маликий аалымы Аллама Хаттоб (ага Аллахтын рахматы болсун) айтат: «Кандай талак берген болсо, ошол талак милдеттүү түрдө түшөт» (Мавахибул жалил 4/39)

و قال العلامة النووي الشافعي رحمه الله فقال الشافعي و مالك و ابو حنيفة و احمد و جماهير العلماء من السلف و الخلف يقع الثلث

Шаафий аалымы Имам Нававий (ага Аллахтын рахматы болсун) айткан: «Имам Шаафий, Имам Малик, Имам Абу Ханифа, Имам Ахмад жана алдыңкы, кийинки келген аалымдардын көпчүлүгү үч талак берген болсо, үч талак түшөт деп айтышат». (Шарх Навави 1/478)

و قال العلامة ابن قدامة رحمه الله و ان طلق ثلاثا بكلمة واحدة وقع الثلاث و حرمت عليه حتى تنكح زوجا غيره

Ханбалий аалымы Ибн Кудама (ага Аллахтын рахматы болсун) айтат: «Эркек эгерде бир сөз менен үч талак берген болсо, үч талак түшөт. Натыйжада аялы башка күйөөгө тийип чыкмайынча ага арам болуп кала берет».

(شرح معانى الآثار ج٢ ص٢٩  باب الرجل يطلق امراته ثلاثا معا)

Улуу ханафий аалымы, мухадис, факких, имам Тахавий  (ага Аллахтын рахматы болсун) «Шарх маани аасар» китебинде төрт мазхабтын уламаларынын баары бир мажлисте үч талак деп айтса үч талак  түшөт деп ижмаа болгонун баяндайт.

 

Автор:
Исмайилов Жигитали
Текшерди:
Татиков Рафаил
20:30

Башка фатвалар

Маркумдун үйүндө чогулган элге тамак берүүнүн шариаттагы өкүмү кандай?
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен  الجواب حامدا و مصليا Мусулман адам каза болуп, аны
ГМОнун (генетикалык модификацияланган организмдердин) өкүмү кандай?
Эгерде ГМО балык же шариат көрсөткөндөй союлган халал жаныбарлардан алынган болсо, анда ГМО азыгын к
Вегетариандын шарияттагы өкүмү
Мусулман адам ишеними менен эт азыктарын жеш арам деп “веган” же “вегетариан&rdquo