ГМОнун (генетикалык модификацияланган организмдердин) өкүмү кандай?
Эгерде ГМО балык же шариат көрсөткөндөй союлган халал жаныбарлардан алынган болсо, анда ГМО азыгын колдонууга болот.
Ал эми ГМО арам жаныбарлардан, же болбосо шариат жолу менен союлбаган адал жаныбарлардан алынган болсо жана ал нерсе химиялык жол менен өзүнүн заттык сыпатын толук өзгөртсө, кийин ал жашылча, жер-жемиш ж.б. нерселерге кошулса, анда колдонууга болот.
Ошондой эле ошол ГМО жер өсүмдүктөрүнө жана мөмө жемиштерге быша электе кошулса кийин жана алар бышканга чейин өзүнүн заттык сыпатын толугу менен өзгөртүп мөмө жемиштин, же жашылчалардын бир жүзү болуп калса, анда андай мөмө жемишти жана жашылчаларды колдонууга болот.
Бирок, кошулгандан кийин эч өзгөрбөй (акыйкаты, заты алмашпай) мөмө жемиштер бышып аларды колдонууга чейин өзүнүн мурдагы калыбында кала берсе, анда мындай ГМО азыктарын колдонууга болбойт.
Эскертүү: Макрух же арам экендигине башка себептер болсо, мисалы: ГМО кошулган нерсе өзүнүн табигий касиетин өзгөртүп, анын натыйжасында жаңы оорулардын пайда болуу күмөнү болсо, андай учурда ГМО толук изилденип, ушул нерсе адам баласынын ден – соолугуна зыяны жок жана ушул нерсени колдонууда башка да зыяндар болбойт деген учурга чейин этият болуу керек.
حاشية ابن عابدين رد المحتار 1/316
ثم اعلم ان العلة عند محمد هي التغير و انقلاب الحقيقة و انه يفتى به للبلوى كما علم مما مر و مقتضاه عدم اختصاص ذلك الحكم بالصابون فيدخل فيه كل ما كان فيه تغير و انقلاب حقيقة و كان فيه بلوى عامة فيقال كذلك في الدبس المطبوخ اذا كان زبيبه متنجسا و لا سياما ان الفأر يدخله فيبول فيبعر فيه و قد يموت فيه و قد بحث كذلك بعض شيوخ مشائخنا فقال و على هذا اذا تنجس السمسم ثم صار طحينة يطهر خصوصا و قد عمت به البلوى و قاسه على ما اذا وقع عصفور في بئر حتى صار طينا لا يلزم اخراجهلاستحالته