KGRU darulifta.kg@gmail.com | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Талак жөнүндө көп берилген суроолор [1 бөлүк]

Талак жөнүндө көп берилген суроолор [1 бөлүк]

Азыркы учурда талак сөзүн  айтып ажырашкандардын саны өсүүдө. Үй-бүлөлөр бузулуп, балдар толук үй-бүлөдө өспөй ажырашкан аялдардын саны арбын. Ислам дининин талабына ылайык ажырашуунун (талактын) негизги эрежелерин билбегендиктен, көп учурларда элдин арасында шарият мыйзамдарын одоно бузгандар бар. Талак сөзүнүн кесепетин жана Алла Тааланын алдында болгон жоопкерчиликтибилбестен кээ бир адамдар күнөөгө батып аялдардын укугун коргобой балдарды бакпай шарият мыйзамдарын бузуп жатышат.

Суроо: Талак деген эмне?
Жооп: Шариятта талак бул жубайлар арасында никени өзгөчө сөз менен бузуу. Мындайча айтканда ажырашуу.

Суроо: Эркек кимге талак бере алат?
Жооп: Эркек өзүнүн жубайына гана талак бере алат.

Суроо: Аял талак бере алабы?
Жооп: Жок, аял киши талак бере албайт. Шарият талак берүү укугун эркекке гана берген.

Суроо: Кандай эркек талак бере алат?
Жооп: Талакты балагатка жеткен, эс акылы дурус, психикалык жактан соо аялдын күйөөсү болгон эркек бере алат.

Суроо: Эгерде жубайлардын ортосунда катуу чыр-чатактар болуптынчтыкта жана бейпилдикте жашоого мүмкүнчүлүк болбой калсажубайлар эмне кылуу керек?
Жооп: Алла Таала жубайларга бири бирин сүйүп урматтап, тынчтыкта, бири бирине жакшы мамиле кылып жашоого өкүм кылган. Бирок, биргелешип жашоонун сыноолорун жана кыйынчылыктарын жубайлардын бардыгы эле көтөрө бербейт.  Жубайлардын ортосунда ар дайым эле суйүү жана өз ара түшүнүшүү боло бербейт жана көпчүлүк учурда биргелешип жашоого мүмкүн болбой ажырашуудан башка арга калбай калат. Мындай учурда Ислам шариятында ажырашуу каралган. Ажырашуу үчүн эркек өзүнүн аялына талак берет. Бул учурда эркек талакты берүүчу, ал эми аялы талакты алуучу сыпатында  болот.

Суроо: Ажырашуу кантип иш жүзүнө ашырылат?
Жооп: Күйөөсү аялына ажырашуу сөзүн айтат, мисалга: “Мен сага талак бердим же мен сени менен ажыраштым, же сен ажыраштың ж.у.с.”  деген сөздөрдү айтат. Мына ушул сөздөр айтылган соң жубайлардын ортосунда нике бузулат жана талак түшөт. Мындайча айтканда, шарият боюнча бул сөздөргө бир талак түшөт. 

Суроо: Идда деген эмне?
Жооп: Идда бул аял талак алган убакыттан тартыпкүйөөсүнүн үйүнөн чыкпай  өткөргөн үч айыз мезгили.

Суроо: “Ружъат» деген эмне?
Жооп: Эркектин бир же эки талак берген аялын идданын ичинде өзүнө кайра кайтаруусу. Аялын сөз жүзүндө кайра кайтарып алуу сүннөт, бирок амал менен кайтарып алууга да болот, мисалга, аялын өбүү же жыныстык катнаш кылуу аркылуу. Бирок, ружъаттын мындай түрү макрух болуп эсептелет. мисалы: Мен аялыма талак берген элем эми кайра жашайбыз. Жараштык деп эки адамды күбөө кылып койу керек.

Суроо: Талактын канча түрү бар?
Жооп: Талактын үч түрү бар:

1.      Ахсанут-Талак.

2.    Талакус-Сунна.

3.    Талакуль-бид′ат.

Төмөндө ар бирин өзүнчө талдайбыз:
1.      Ахсанут талак – талактын бул түрү шарият боюнча, зарылдыкта дурус деп эсептелет.  Талактын бул түрүндө күйөөсү аялына айыздан таза кезинде ага бир талак берет, жана анын үч айыз мезгилинде жыныстык катнаш кылбайт. Үч айыз мезгили өткөн соң толук  ажырашышат да, аял башка  күйөөгө чыга берсе болот. 
 2.    Талакс-сунна – талактын бул түрү “Талакуль-Хасан»  деп да аталат. Ал мындайча иш жүзүнө ашырылат, күйөөсү аялына ал айыздан таза кезинде аялына жакындашпай туруп  бир талак берет да анын кийинки  айызын өткөрүп жана тазалыгы келгенде дагы бир талак берет жана дагы бир айызын өткөрүп тазалыгында дагы бир талагын берет. Бул мезгилдерде аялына жыныстык катнаш кылбайт. Бардыгы үч тазалыкта үч талак болот.  Бул үч талак берем деген адамга шарият боюнча үч талак берүүнүн жолу.

Суроо:  Эгерде аялынын айызы токтоп калган болсо, анда талакты кантип туура берүү керек?
Жооп: Эгерде аялынын айызы токтоп калган болсо, анда ай сайын бир талактан берет
3. Талакуль-бидъат – талактын бул түрү тыюу салынган жана күнөө болуп эсептелет. Талактын бул түрүнүн ар кандай варианттары бар: 
1) Бир учурда үч же эки талак берүү, мисалы; сага үч талак бердим же сага талак, талак, талак бердим, деп талак сөзүн үч жолу айтуу.
2) Бир учурда эки талак айтуу мисалы; сага эки талак бердим же сага талак бердим, талак бердим деп талак сөзүн эки жолу айтуу;  
3) Үч талакты же эки талакты  бир тазалыктын ичинде бир сөз менен берүү, аялдын айыз учурунда талак берүү. Бул учурда айткан талагы талак болуп эсептелет жана берген адам күнөөкөр болот.

Суроо: Айыз учурунда берилген талак жарактуубу?
Жооп: Эгерде кимдир бирөө аялына талакты анын айызы учурунда берсе, берилген талак жарактуу болуп эсептелет.

Суроо: Аялы кош бойлуу кезинде берилген талак жарактуубу?
Жооп: Ооба, аялы кош бойлуу кезинде берилген талак жарактуу болуп эсептелет.

Автор:
Татиков Рафаил
18:38

Башка фатвалар

Арендага берилген квартирадан зекет берилеби?
  Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен الجواب حامدا و مصليا Кыймылсыз мүлк, эгерде ал
Дамланы чакырып дем салдыруу туурабы жана ошондо берилген акча адалбы?
Ва алайкумус салаам ва рахматуллохи ва баракаатуху Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим  
Календарда берилген убакыт менен ооз жабуу зарылбы?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا — Орозо кармаган адамдарда