Талак жөнүндө көп берилген суроолор [2 бөлүк]
Суроо: Талакты качан берүү керек?
Жооп: Талакты качан чогуу жашаганга мүмкүн болбой калган учурда гана берүү керек. Бул абалда күйөөсү менен аялы жакшылап ойлонушуп жана ажырашуу чогуу жашаганга караганда артыгыраак деген чечимге келишкенде гана күйөөсү аялына бир талак берет жана ушул ажырашууга жетиштүү үч талак айтуу зарыл эмес. Чыр-чатак сайын эле талак бере берүү туура эмес жана күнөө.
Суроо: Күйөөсү ажырашууну кааласа канча талак берүү керек?
Жооп: Ажырашуу үчүн бир талак берүү жетиштүү, андан соң аялы үч айыз мезгилин өткөргөндөн кийин жубайлар бири бирине чоочун болуп калат. Эми аялдын башка эркекке турмушка чыгуусуна шарият уруксат берет.
Суроо: Сөзсүз эле үч талак берүү керекпи?
Жооп: Ажырашуу үчүн бир талак берүү жетиштүү. Ажырашканда сөссүз үч талак берүү зарыл деп түшүнүү жаңылыштык. Анткени, үч талак бергенден кийин, жубайлар кайрадан жарашып никени жаңыртууга болбой калат.
Суроо: Эгерде күйөөсү аялына үч талак бергиси келсе, анда аны кантип иш жүзүнө ашырат?
Жооп: Эгерде үч талак бергиси келсе, ал мындайча иш жүзүнө ашырылат, күйөөсү аялына ал айыздан таза кезинде аялына жакындашпай туруп бир талак берет да анын кийинки айызын өткөрүп, жаңы тазалыгы келгенде дагы бир талак берет жана дагы бир айызын өткөрүп тазалыгында дагы бир талагын берет. Бул мезгилдерде аялына жыныстык катнаш кылбайт. Бардыгы үч тазалыкта үч талак болот. Эргер бир талак бергенден кийин, экинчи жана үчүнчү талактарды берүү пикиринен кайтса, аялы менен никени сактап калуу мүмкүнчүлүгү болот.
Суроо: Эгерде эркек түшүндө талак сөзүн айтса талак түшөбү?
Жооп: Жок түшпөйт, анткени шариятта уктап жаткан адам эс акылында деп эсептелбейт.
Суроо: Психикалык жактан оорулуу адамдын берген талагы түшөбү?
Жооп: Эгерде талак берип жаткан учурда эс акылы дурус эмес болсо, талагы түшпөйт.
Суроо: Мас адамдын берген талагы түшөбү?
Жооп: Ооба, мас адамдын берген талагы түшөт.
Суроо: Эгерде адамга зомбулук көрсөтүү коркунучу менен талак берүүгө мажбурласа, анын берген талагы түшөбү?
Жооп: Ооба, анын берген талагы түшөт.
Суроо: Дудук адам талакты кантип берет?
Жооп: Дудук адам талак бердим дегенди билдирүүчү жаңдоо колу менен ишара аркылуу берет.
Суроо: Эгерде эркек аялына “мен сага талак бердим” деп тамашалап айтса, талагы түшөбү?
Жооп: Ооба, түшөт. Талак сөзү менен тамашалап ойногон болбойт.
Суроо: Эркектин ачуусу келгенде айтылган талагы түшөбү?
Жооп: Ооба, анын ачуусу келгенде айтылган талагы түшөт. Анткени хадисте үч нерсенин тамашасы жана чыны бирдей. Алар талак айтуу, азат кылуу, никелешүү деп айтылган. (Абу Дауд).
Суроо: Талактын кайсы түрүнөн кийин күйөөсү аялын кайрадан нике кыйбай туруп кайтарып алат жана кайсы түрүндө нике кыят?
Жооп: Бул боюнча талак: талак рожий, талак баин, талак муголлаза деп үчкө бөлүнөт:
1. Талак рожий – талактын бул түрүндө күйөөсү аялын нике кыйбай эле кайтарып алат. Шариятта бул ружуъ деп аталат. Аялына кайтуу деп аталат.
2. Талак баин (кайтуусуз ажырашуу) – талактын бул түрүндө, күйөөсү аялын кайрадан жаңы нике кыймайынча кайтара албайт.
3. Талак муголлаза (үч талакты айтып биротоло кайтуусуз ажырашуу) – талактын бул түрүндө аялынан биротоло ажырап, ага кайра нике кыюга болбойт жана жарашкан учурда да кыйылган нике жараксыз болуп эсептелет. Мындайча айтканда талак муголлаза деген үч талак, андан соң ахли сунна валь жамаат аалымдарынын бирдиктүү пикиринде жубайлардын чогуу жашоосуна мүмкүн болбой калат.
Суроо: Кайсы учурда талак муголлаза болот?
Жооп: Эгерде күйөөсү аялына үч талак берсе, анда берилген талак, ал бир сөз менен айтылдыбы же бөлүп бөлүп айтылдыбы баары бир үч талак болуп эсептелет. Эгерде айтылган талак сөздөрүн кошконда үчөө болсо, анда талак муголлаза болот.
Суроо: Эгерде эркек бир чоочун аялга “эгерде сен үйгө кирсең талаксың” деп айтса жана ал аялга үйлөнсө талак түшөбу?
Жооп: Жок, бул айтылган талак жараксыз.
Суроо: Эгерде эркек “мен кайсы аялга үйлөнбөйүн ага талак” десе айтылган сөзүнүн натыйжасы кандай болот?
Жооп: Бул учурда эркек өмүрү өткөнчө кайсы аялга үйлөнбөсүн талак түшөт. Анткени ал талак сөзүн жалпылап жана ага өзү үйлөнө турган аялдардын бардыгын киргизип койду.
Суроо: Күйөөсү аялына “эгерде сен үйгө кирсең талаксың” деди. Андан соң ал аялына башка себептер менен талак берип ажырашты. Аялдын иддасы өткөн соң үйгө кирди алар кайрадан жарашып үйлөнүп алышты. Аял үйгө киргендиги себебинен талак түшөбү?
Жооп: Жок, талак түшпөйт, анткени ал үйгө ажырашкан абалда кирген жана ал учурда анын аялы болбой калган, анткени идданын мөөнөтү өтүүсү менен нике толук бузулат.
Суроо: Күйөөсү жогорудагы сөздөрдү айтты, аялы үйгө кирди жана бир талак түштү. Эгерде ал экинчи ирет кирсе талак түшөбү?
Жооп: Жок, экинчи жолу талак түшпөйт, анткени шарт бир гана жолу аткарылат. Бул (инхилялуль ямин) касам жоюлуусу деп аталат.
Жыныстык катнаш боло электеги талак
Суроо: Жыныстык катнаш боло электеги талактын абалы кандай?
Жооп: Жубайлар үйлөнүп, жыныстык катнаш боло электе эле талак айтса, ачык сөзбү же киная сөздөрүбү, айтылганына карабастан баин талак болуп эсептелет.