Талак жөнүндө көп берилген суроолор [3 бөлүк]
Суроо: Тафвид талак деген эмне?
Жооп: Шариятта “тафвид талак” деген аялын талак берүү укугуна ээ кылдыруу дегенди билдирет. Тафвид деген сөздүн мааниси “өткөрүп берүү”, “ээ кылуу”. Аялы өзүнө өзү же күйөөсүнө талак бере албайт. Анткени, талак күйөөсүнүн укугу, ал бул укукту аялына өткөрүп бере алат. Жана ошондой эле бул укук менен үчүнчү жакты да ээ кылдыра алат.
Суроо: Күйөөсү талак берүү укугун аялына кантип өткөрүп бере алат же ээ кыла алат?
Жооп: Күйөөсү аялына талак берүү укугун: “өзүңө талак бер” же “мен сага талакка укук бердим” деп бере алат. Талак укугун өткөрүп берүү сөздөрү ар кыл болушу мүмкүн.
Суроо: Эгерде күйөөсү аялына “мен сага талакка укук бердим” десе, кайсы убакка чейин бул күчүндө болот?
Жооп: Бул сөздөр аял ордунан турганча же чыгып кеткенче же башка иш менен алектенгенче күчүндө болот, анткени булар талактан баш тартуу белгилери болуп эсептелет.
Суроо: Кайсы учурда талак укугу аялда акырына чейин калат жана бир орун менен чектелбейт?
Жооп: Бул үчүн талак укугун өткөрүп берүүдө бардык учурду камтый турган мисалга: “Сен өзүңө каалаган учурда талак бере аласың” сыяктуу сөздөрдү айтуу керек.
Суроо: Күйөөсү аялына “өзүң танда” деп талак ниетинде айтса талак түшөбү?
Жооп: аял отурган жеринде ажырашууну тандаса, бир талак баин түшөт. Эгерде күйөөсү үч талакты ниет кылса да.
Суроо: Күйөөсү аялына: “Өзүңө талак бер” десе, кандай талак түшөт?
Жооп: Эгер аялы өзүн талак кылса, бир талак ражий түшөт. Эгерде күйөөсү ага үч талакты берүүнү ниет кылса жана аялы үч жолу айтса, анда үч талак түшөт.
Суроо: Кимдир бирөө үчүнчү жакка мисалга: “Менин аялыма талак бер” десе жана ал мажилистен кийин, мисалга башка күнү талак берсе, берген талагы түшөбү?
Жооп: Ооба, эгер ал ошол орун менен эле чектебесе талак түшөт. Бирок, күйөөсү “эгерде кааласаң менин аялыма талак бер” десе, андан анын укугу ошол орун менен эле чектелип калат.
Суроо: Айыз же нифас абалында аялга талак ыктыярын берүүгө уруксат берилеби?
Жооп: Ооба, айыз абалында ага ыктыяр берүүгө жана ошондой эле хуля берүүгө да болот.
Оорулуу адамдын талагы
Суроо: Оорулуу адам аялына талак баин берди да идданын мөөнөтү өткөнчө оорудан көз жумду, аял анын мурасынан өзүнүн үлүшүн ала алабы?
Жооп: Эгерде күйөөсү идданын мөөнөтү бүткөнчө көз жумса, талак түшөт, аял мурастан өзүнүн үлүшүн ала алат. Ал эми идданын мөөнөтү бүткөндөн кийин көз жумса, анда аял мурастан өзүнүн үлүшүн ала албай калат. Ушундай эле абал талак муголлязага да тиешелүү. Шариятта бул абал “талакуль-фаарр” деп аталат. Күйөөсү аялына оору абалында ал мурастан өзүнүн үлүшүн ала албасын деп талак берди, ошондуктан шариятта талактын берилгенине карабастан мурас укугун сактайт.
Азыркы учурда талак боюнча кеңири таралган жаңылыштыктар бар. Дин маселелери боюнча адеп-ахлактык тарбиянын начардыгы жана сабатсыздык талак жөнүндө туура эмес түшүнүккө алып келүүдө. Төмөндө ошолордун кээ бирөөлөрүнөн келтире кетебиз.
Тура эмес түшүнүк: Адамдар талак сөзүн үч жолу айтмайынча талак түшпөйт деп эсептешет. Бул жубайлардын кайрадан некелешүүсүнө таптакыр мүмкүндүк бербей турган туура эмес ката түшүнүк. Бул ачык адашуу. Аялы күйөөсүнөн үч жолу талак айтуусун талап кылуусу же күйөөсү үч талакты бир сөз менен бир мезгилде берип салуусу менен үч талак түшүп калат. Натыйжада жубайлар кайра никени жаңыртып бирге жашоого таптакыр жол калбай калат.
Тура эмес түшүнүк: Кээ бир эркектер талакты күнүмдүк турмушта эрди катын урушканда аялын сөгүүчү же урушуучу сөз катары колдонуп жүрүшөт. Аял эркек уруша кетсе же кызганганда же кимдир бирөөгө өчөшүп дароо эле үч талакты берип салып, анан эс акылы жайына келгенде, «туура эмес кылыптырмын», «билбей калыптырмын» мага аялым менен жарашканга жол таап бергиле деп үч талакка жол издеп жүрөт. Аллах Таала эркекти эрктүү, аялга караганда күчтүү, сабырдуу деп талактын тизгинин эркекке берген. Ошондуктан эркектер эрктүү, сабырдуу болуп шарияттын маселелерин окуп, үйрөнүп талак сөзүнө этият болуулары зарыл.
Тура эмес түшүнүк: Адамдар эгерде ажырашуу ниет болбосо эч кандай талак түшпөйт деп эсептешет. Бул дагы ачык адашуу, анткени жогоруда белгиленип кеткендей, талактын түшүүсү үчүн ниет милдеттүү шарт болуп эсептелбейт. Берилген талак айтылуусу менен күчүнө кирет. Бирок, айтылган сөздөр «сарих» (ачык) талагынын сөздөрүнө тиешелүү болсо.
Тура эмес түшүнүк: Адамдар эгерде талак олуттуу ниет менен айтылган болсо, түшөт болбосо, түшпөйт, мисалга, бирөө талак сөзүн аялын коркутуу үчүн же тамашалап айтып койсо, талак түшпөйт деп ойлошот. Мындай ой туура эмес жана ката болуп эсептелет. Эс акылы дурус учурунда айтылган талак сөзү (ажырашуу ниетинде айтылдыбы же жокпу) талактын түшүүсүнө алып келет.
Тура эмес түшүнүк: Көптөрү талак күнөө жана бул сөздөрдө таптакыр айтууга болбойт деп ойлошот. Бирок бул андай эмес. Талак бул жакшы амал эмес, бирок, олуттуу себептер болсо ажырашуу (талак) күнөө болуп эсептелбейт, кээ бир учурларда ал сунуш кылынуусу да мүмкүн. Албетте, эч кандай себеби жок талак берүү, бул аялына зулумдук кылууга жатат. Талактын оң да терс да жактарын туура түшүнүү керек. Туура чечим кабыл алуу үчүн илимдүү адамдарга (аалымдарга) кайрылуу зарыл.
Эскертүү: Бул китепче жубайларга талак маселеси тууралуу жалпы түшүнүк берүүнү көздөйт. Бирок, талакка байланыштуу конкреттүү бир маселенин өкүмүн билиш үчүн сөзсүз түрдө шарият илимдерин билген жооптуу аалымга кайрылуусу керек.
Эскертүү: Ажырашуу маселесинде шашылуунун кереги жок. Бардык нерсениноң тескейин таразалап анан ажырашууга болгон чечимди кабыл алуу керек. Кандай гана болбосун чатакташканда же жинденгенде талак сөзүн айтуу туура эмес. Себеби, мындай кадам акыркы чечим болуп калып аял менен эреке бирге чогуу жашаганга болбой калат.