Мулк сүрөөсүнүн окула турган убактысы
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен
Ва алайкумус салаам ва рахматуллохи ва баракаатуху
الجواب حامدا و مصليا
Мүлк сүрөсүнүн пазилеттери жөнүндө айтылган кээ бир хадистер (МУТЛАК) жалпы мааниде айтылган, башкача айтканда убакыттын чектелиши жок. Ал эми айрым хадистерде түнкүсүн окуу айтылган, мисалы: Пайгамбарыбыз (саллаллоху алайхи ва саллам) түнкүсүн «МҮЛК» сүрөсүн окубай уктачу эмес – деп айтылган. Демек, түнкүсүн окуганда, хадистердин эки түрүнө тең амал кылуу болуп саналат.
Абу Хурайра (разияллоху анху) дан риваят: пайгамбарыбыз (саллаллоху алайхи ва саллам) айтты: Куранда отуз аяттан турган бир сүрө бар, ошол аяттар (муслман) адамдын кунөөсу кечирилгенге чейин шапаат кылып турушат. Ал сүрө – "Табарокаллази биядихил Мулк!".
" حدثنا محمد بن بشار، قال: حدثنا محمد بن جعفر، قال حدثنا شعبة عن قتادة عن عباس الجشمي عن أبي هريرة عن النبي صلي الله عليه وسلم قال: إن سورة من القرآن ثلاثون آية شفعت لرجل حتي غفر له، وهي سورة تبارك الذي بيده الملك". (سنن الترمذي 5/14).
Жабир (разияллоху анху) дан риваят: Пайгамбарыбыз (саллаллоху алайхи ва саллам) «Сажда сүрөсү менен Мульк сүрөсүн окубайын уктачу эмес».
حدثنا هريم بن مسعر، قال حدثنا الفضيل بن عياض، عن ليث عن أبي الزبير، عن جابر أن النبي صلي الله عليه وسلم كان لا ينام حتي يقرأ الم تنزيل و تبارك الذي بيده الملك. (سنن الترمذي 5/15).
و الله أعلم بالصواب و بالله التوفيق