Шавваль айындагы орозо жөнүндө айтып бересизби?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
– Орозо айт майрамы бүткөн соң Шавваль айында алты күн орозо кармоо мустахаб. Рамазан айынын фарз орозосунан кийин эле ушул орозону кармоо, фарз намазынан кийин сүннөт же нафил намаздарын окуу сыяктуу.
– Рамазан айынан кийин ким ушул күндөрү орозо кармай турган болсо, ал бир жыл бою орозо кармагандын сообун алат. Аллах Таала бизге ушундай чексиз мээримин көрсөтөт. Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун): «Ким Рамазан айында орозо кармап, андан соң ага Шавваль айынын алты күн орозосун кошсо, ал түбөлүк орозо кармагандын сообун алат” – деп айткан.
عن عمر بن ثابت بن الحارث الخزرجي عن ابي أيوب الأنصاري أنه حدثه أن رسول الله صلى الله عليه وسلم قال: "من صام رمضان ثم أتبعه ستا من شوال كان كصيام الدهر". (الصحيح لمسلم ١/٣٦٩، باب استحباب ستة من شوال اتباعا لرمضان رقم: ٢٧٥٨ ط: قديمي، ج: ١ ص: ٧٥٢ ط: البشرى).
– Алты күн орозону катары менен да жана тыныгуу менен да кармап, мындайча айтканда, бир күн кармап бир күн оозу ачык болуп же эки күн кармап эки күн кармабай, же бир күн кармап эки күн кармабай бүтүрсө да болот.
في الدر: (ونجب تفريق صوم الست من شوال) ولا يكره التتابع على المختار خلافا للثاني حاوي. والاتباع المكروه أن يصوم الفطر و خمسة بعده فلو أفطر الفطر لم يكره بل يستحب ويسن ابن كمال.
وتحته في الرد: قال صاحب الهداية في كتابه التجنيس: إن الصوم الستة بعد الفطر متتابعة منهم من كرهه والمختار أنه لا بأس به لأن الكراهة إنما كانت لأنه لا يؤمن من أن يعد ذلك من رمضان فيكون تشبها بالنصارى والآن زال ذلك المعنى... إلخ (رد المحتار ٢/٤٣٥ ط: سعيد).
فقط و الله اعلم