KGRU darulifta.kg@gmail.com | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Уюм уюштурган жамааттык курмандык чалуу кандай тартипте жүргүзүлөт?

Уюм уюштурган жамааттык курмандык чалуу кандай тартипте жүргүзүлөт?
Уюм уюштурган жамааттык курмандык чалуу кандай тартипте жүргүзүлөт?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

– Кээ бир уюмдар, фонддор же коомдоштуктар курмандык күндөрү курмандык чалуу үчүн акча чогултушат жана ар бир катышуунун берген үлүшү өтө төмөн болот да, малдын жетиден бир бөлүгүнүн баасына жетпейт жана болжол менен 1000 же 500 сомду гана түзөт. Курмандык чалуунун мындай түрү шариятта жараксыз болуп эсептелет. Мисалга, жаш бука 70 000 сом турса, ал эми курмандыкка катышкан ар бир адамдын курмандык үчүн бере турган үлүшү курмандык малынын баасынын жетиден бир бөлүгүнөн, мындайча айтканда 10 000 сомдон кем болбоого тийиш. Эгерде, кимдир бирөө бул суммадан аз бере турган болсо, анын курмандыгы жараксыз болуп эсептелет. Ошондуктан, шарият боюнча, кимге курмандык чалуу важиб болсо, ал нисабга да жеткен болуп эсептелет жана ал өзүнө тиешелүү үлүшкө жетүүчү акчаны берүүгө тийиш, эгерде кем берсе, бул учурда курмандык чалуучу адамдардын бардыгынын курмандыгы жараксыз болуп калат.

والبقر والبعير يجزئ عن سبعة إذا كانوا يريدون وجه الله تعالى والتقدير بالسبع يمنع الزيادة ولا يمنع النقصان كذا في الخلاصة. (الفتاوى الهندية ٥/٣٠٤ ط: رشيديه).

Курмандыкка берилүүчү үлүштүн эң төмөнкү өлчөмү 10 000 сом болуп жаткан учурда, миң сом берген адам, өзүнүн важиб курмандыгынын шарттарын аткарбагандыктан, ал курмандык чалуу күндөрү мындайча айтканда Зуль-хижжа 10, 11, 12 күндөрү өтүп кете электе (акыркы күнү) күн бата элекке чейин, кайрадан курмандык чалууга тийиш. Ал эми бул күндөрү курмандык кылууга жетишпей калса, курмандыкка жарактуу болгон бир койдун баасына жетээрлик сумманы кедей, муктаж адамдарга садака кылып таратып берүүсү керек.

في الدر: ولو لأحدهم أقل من سبع لم يجز عن أحد. (رد المحتار ٦/٣١٥ ط: سعيد).

وقت الأضحية ثلاثة أيام: العاشر والحادي عشر والثاني عشر... ويجوز في نهارها وليلها بعد طلوع الفجر يوم النحر إلى غروب الشمس من اليوم الثاني عشر. (الفتاوى الهندية ٥/٢٩٥ ط: رشيديه).

فقط و الله اعلم

Жооп берди:
Татиков Абдурахман
Текшерди:
Эратов Равшан, Исмайилов Жигитали
Которду:
Орусчадан которгон: Джаркынбаев Качкын
Жакты
+2
18:32
816

Башка фатвалар

Курмандык чалуу үчүн карыз алууга болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Эгерде, ошол мусулман адамга курманды
Курман айт майрамы күнү кайсы малды курмандык чалууга уруксат берилет?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Курман айт майрамы күнү үч түрдүү мал
Бөлөк бирөөлөр үчүн курмандык чалууга уруксат берилеби?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا – Бөлөк бирөө үчүн курмандык ча