Үшүр деген эмне? Турак үйлөрдүн короосунда отургузулган мөмөлүү дарактардан үшүр зекети берилеби?
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен
الجواب حامدا و مصليا
1. Жерден чыгарылган дан-эгин жана өсүмдүктөрдөн милдеттүү түрдө бериле турган зекет – үшүр деп аталат. Үшүр араб тилиндеги العشر «Аль-ъушру» деген сөздөн алынып, которгондо ондон бири деген маанини берет. Демек, үшүр деп – алган түшүмдүн ондон бирин Аллах үчүн, үшүрдү алганга муктаж мусулмандарга берүүнү айтабыз.
Аалымдар үшүрдүн милдет экенин төмөнкү аят жана хадистерден далил кылышат:
"يا أيها الذين امنوا أنفقوا من طيبات ما كسبتم و مما أخرجنا لكم من الأرض ".
«Оо, ыйман келтиргендер! Өзүңөр кесип кылган таза нерселериңерден жана Биз силерге жерден чыгарып берген нерселерден сарптагыла». (Бакара 267)
"كلوا من ثمره إذا أثمر و أتوا حقه يوم حصاده و لا تسرفوا إنه لا يحب المسرفين".
«Качан ал түшүм бергенде, анын мөмөлөрүнөн жегиле. Бирок, түшүм жыйноо учурунда үшүр үлүшүн алууга акысы барларга бергиле. Ысырап кылбагыла. Ал ысырап кылуучуларды сүйбөйт». (Анъам 141).
Пайгамбарыбыз ﷺ айткан:
«Дарыя жана булуттар аркылуу сугарылган жерлерден алынган түшүмдөн ондон бири үшүр катары берилет. Ал эми төө менен сугарылган жерлерден алынган түшүмдүн жыйырмадан бири үшүр катары берилет». (Муслим)
Демек, жогорудагы хадистин негизинде жердин сугарылышына байланыштуу түшүмдүн үшүрү эки түргө бөлүнөт:
1) Эч бир эмгек акысыз сугарылган жердин түшүмү, мисалы: жамгыр, дарыя, көлдүн суулары сыяктуу, өзү агып келе турган суулар менен эгин сугарылса, анда түшүмдүн ондон бири (10/1) үшүр катары берилет.
2) Ал эми эмгек акы төлөнүп сугарылган жердин түшүмү, мисалы: суу ташып келинсе, сатып алынса, кандайдыр бир техника менен, же атайын кудук казып сугарылса, кыскасы сугаруу үчүн өзгөчө бир мээнет талап кылынса, анда үшүрдүн жарымы, тактап айтканда түшүмдүн жыйырмадан бири (20/1) үшүр болуп берилет. Ошондой эле, бүгүнкү күндө ижарага алынган жерлерди сугаруу үчүн көпчүлүк жерлерде сууну сатып алышкандыктан, үшүрдүн жарымын, тактап айтканда жыйырмадан бири берилет.
(قوله قواعدنا لا تأباه) كذا نقله الباقاني فى شرح الملتقى عن شيخه البهنسى لأن العلة فى العدول عن العشر الى نصفه فى مسقى غرب أو دالية هي زيادة الكلفة كما علمت و هى موجودة فى شراء الماء. (رد المحتار).
2. Имам Абу Ханифанын (рохматуллохи ъалайхи) көз карашы боюнча: «Эгер эгинден киреше табуу максат болсо, анда жерден чыккан ар бир нерсенин үшүр зекети берилиш керек. Ал дан, мөмө-жемиш, жашылча, кургак жемиштер, жаныбарлардын жеми жана башка (М: буудай, арпа, күрүч, фасоль, жүгөрү, курма, бадам, жаңгак ж.б)».
فذهب أبو حنيفة رحمه الله الى أن الزكاة تجب في كل ما يقصد بزراعته استمناء الأرض من الثمار و الحبوب...و احتج بقول النبي صلى الله عليه و سلم: فيما سقت السماء او كان عثريا العشر. فانه عام فيؤخذ على عمومه، و لانه يقصد بزراعته نماء الأرض و استغلالها فأشبه الحب. (الموسوعة الفقهية الكويتية ج: ٢٣ ص: ٢٧٩)
3. Эгер бакчаны үйдүн короосунан өзүнчө ажыратып, атайын бак катары колдонсо, анда ал жерден алынган түшүмдөн үшүр берилет. Бирок, эгер ал жерде өздөрү жашап, атайын бакча катары ажыратылбаса, короодо мөмө берүүчү бир нече бак-дарактар, эгилген жашылча жемиштер болсо, анда алынган түшүмдөн үшүр берилбейт. Себеби, ал жер өзүнчө туруктуу бакча болбогондон кийин, ал жашай турган үйгө эле караштуу болуп калат. Ал эми жашап жаткан үйдүн короосундагы бактардан үшүр берилбейт.
قال العلامة ابن عابدين رحمه الله: (قوله و لا شيء فى دار) لأن عمر رضي الله عنه جعل المساكن عفوا و عليه إجماع الصحابة و لانها لا تستنمي....(قوله جعلت بستانا) قيد بجعلها بستانا لأنه لو لم يجعلها بستانا و فيها نخل تقل اكرارا لا شيء فيها بحر و كذلك ثمر بستان الدار لأنه تابع لها كما في قاضي خان قهستاني. (رد المحتار ج: ٢ ص: ٣٣١).
و الله أعلم بالصواب و بالله التوفيق