KGRU darulifta.kg@gmail.com | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Курамында спирт бар антисептиктерди колдонууга болобу?

Курамында спирт бар антисептиктерди колдонууга болобу?
Сырткы дезинфекция үчүн курамында спирт бар антисептиктерди колдонууга болобу?

Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен

الجواب حامدا و مصليا

Шариятта алынуу ыкмасы боюнча спирт эки түргө бөлүнөт: 

1. Жүзүмдөн жана курмадан өндүрүлгөн спирт. Мындай спиртке аалымдардын бирдей пикири боюнча тыюу салынган жана ал арам болуп эсептелет. 

2. Эгерде спирт бал, арпа, буудай, жүгөрү, сулу, картошка сыяктуу продуктылардан өндүрүлгөн, же синтетикалык жол менен алынган болсо, анда ал нажас  болуп эсептелбейт. Аны колдонууга уруксат берилет, бирок алкоголдук ичимдик катары колдонууга уруксат эмес, арам болот.

Бүгүнкү күндө коркунучтуу инфекциянын таралуусуна бөгөт коюу үчүн, ошондой эле оорулардын алдын алуу үчүн антисептиктерди сырткы пайдаланууга уруксат берилет, анткени азыркы кезде спиртти көпчүлүк учурда синтетикалык жол менен жана жүзүмдөн жана курмадан алынбаганына байланыштуу бул спиртти ушундай орууларга жана башка нерселерге нажас болбогондуктан колдонууга уруксат берилет, бирок шарт менен анын даярдоодо сырьёсуна  жүзүм жана курмак пайдаланылганы аныкталбаса.

Зарыл учурда антисептикти пайдалануу дааратты бузбайт, анткени дааратты адамдын денесинен чыккан ыпластар – кан, заара, заң ж.б. бузат. Бул антисептике дагы бир маселе тиешелүү. Эгер, аны жүзүмдөн же курмадан  алынган спирт болсо, анда ал тийген жерди жууп койсо ошол жер таза болуп калат.

Сөзсүз, жогоруда айтылгандардын бардыгы алкоголдук ичимдиктерге тиешелүү эмес. Ал эми алкоголдук ичимдиктер бардыгы, курамы жана даярдоо ыкмаларына карабастан арам болуп эсептелет жана пайдаланууга такыр тыюу салынган, жана нажас болуп эсептелишет. «Такмиля Фатх аль-Мульхим» китебинде айтылган:

"و أما غير الأشربة الأربعة، فليست نجسةً عند الإمام أبي حنيفة رحمه الله تعالي. و بهذا يتبين حكم الكحول المسكرة (Alcohals) التي عمت بها البلوي اليوم، فإنها تستعمل في كثير من الأدوية و العطور و المركبات الأخرى، فإنها إن اتخذت من العنب أو التمر فلا سبيل إلى حلتها أو طهارتها، و إن اتخذت من غيرهما فالأمر فيها سهل على مذهب أبي حنيفة رحمه الله تعالى، و لايحرم استعمالها للتداوي أو لأغراض مباحة أخرى ما لم تبلغ حد الإسكار، لأنها إنما تستعمل مركبة مع المواد الأخرى، ولايحكم بنجاستها أخذاً بقول أبي حنيفة رحمه الله. و إن معظم الحكول التي تستعمل اليوم في الأودية و العطور و غيرهما لاتتخذ من العنب أو التمر، إنما تتخذ من الحبوب أو القشور أو البترول و غيره، كما ذكرنا في باب بيوع الخمر من كتاب البيوع". (تكملة فتح الملهم كتاب الأشربة، حكم الكحول المسكرة، ٣/ ٦٠٨، ط: مكتبة دار العلوم).

والله أعلم بالصواب

Жооп берди:
Татиков Рафаил
Текшерди:
Исмайилов Жигитали, Эратов Равшан
Жакты
+6
20:51
1322

Башка фатвалар

Антисептиктерди чөнтөккө салып намаз окуса болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Спирт даярдоо ыкмасы боюнча спирт эки түргө бөл
Алланы элестетүүгө болобу?
Адам баласынын элеси, кыялы анын сезүү органдарынын чегинен чыга албайт, ошондуктан Алла Тааланы эле
Үч талактан соң аялы менен кайра кошулууга болобу?
“Талак” сөзү арабчадан “бошотуу”, “ыргытуу” деп которулат, ал эм