Антисептиктерди чөнтөккө салып намаз окуса болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
Спирт даярдоо ыкмасы боюнча спирт эки түргө бөлүнөт:
1. Жүзүмдөн жана курмадан өндүрүлгөн спирт. Мындай спиртке аалымдардын баары бир сөз менен тыюу салынган жана ал арам деп эсептелген.
2. Эгерде спирт бал, арпа, буудай, жүгөрү, сулу, картошка сыяктуу продуктылардан өндүрүлгөн, же синтетикалык жол менен алынган болсо, анда ал нажас болуп эсептелбейт. Аны колдонууга уруксат берилет, бирок алкоголдук ичимдик катары колдонууга уруксат эмес, арам ичкенге болбойт.
Бүгүнкү күндө коркунучтуу инфекциянын таралуусуна бөгөт коюу үчүн, ошондой эле оорулардын алдын алуу үчүн антисептиктерди сырткы пайдаланууга уруксат берилет, анткени азыркы кезде спиртти көпчүлүк учурда синтетикалык жол менен жана жүзүмдөн жана курмадан алынбаганына байланыштуу бул спиртти ушундай орууларга жана башка нерселерге нажас болбогондуктан колдонууга уруксат берилет, бирок шарт менен анын даярдоодо сырьёсуна жүзүм жана курмак пайдаланылганы аныкталбаса.
Бүгүнкү күндөгү антисептиктер жүзүм жана курмадан башка нерселерден даярдалган себебтүү аларды зарылчылыкта колдонсо болот жана чөнтөккө салып намаз окуса, намаз дурус болот, кайра катаруунун кажети жок.
"و أما غير الأشربة الأربعة، فليست نجسةً عند الإمام أبي حنيفة رحمه الله تعالي. و بهذا يتبين حكم الكحول المسكرة (Alcohals) التي عمت بها البلوي اليوم، فإنها تستعمل في كثير من الأدوية و العطور و المركبات الأخرى، فإنها إن اتخذت من العنب أو التمر فلا سبيل إلى حلتها أو طهارتها، و إن اتخذت من غيرهما فالأمر فيها سهل على مذهب أبي حنيفة رحمه الله تعالى، و لايحرم استعمالها للتداوي أو لأغراض مباحة أخرى ما لم تبلغ حد الإسكار، لأنها إنما تستعمل مركبة مع المواد الأخرى، ولايحكم بنجاستها أخذاً بقول أبي حنيفة رحمه الله. و إن معظم الحكول التي تستعمل اليوم في الأودية و العطور و غيرهما لاتتخذ من العنب أو التمر، إنما تتخذ من الحبوب أو القشور أو البترول و غيره، كما ذكرنا في باب بيوع الخمر من كتاب البيوع". (تكملة فتح الملهم كتاب الأشربة، حكم الكحول المسكرة، ٣/ ٦٠٨، ط: مكتبة دار العلوم).
والله أعلم بالصواب