KGRU darulifta.kg@gmail.com | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Аялдардан чыккан суюктуктун өкүмү

Аялдардан чыккан суюктуктун өкүмү
Ас-саляму алейкум ва-рахмату-Ллахи ва-баракятух. Аялдардын жыныс мүчөсүнөн чыккан күнүмдүк суюктук намаз жана дааратты бузабы?

Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен

الجواب حامدا و مصليا

Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху!

Аялдардын жыныс мүчөсүнөн чыккан түзсүз суюктукту аалымдар үч түргө бөлүшкөн:

1)     Аялдардын жыныстык мүчөсүнүн сырт жагы, б.а гусул учурунда сөзсүз жуула турган жерлеринен чыккан суюктук – бул тердөө эле болуп саналат. Бул суюктук нажас болбойт жана дааратты да бузбайт.

2)   Аялдардын жыныстык мүчөсүнүн ички жагы, б.а жатын (матка), же жатын моюнчасынан (шейка матки) чыккан суюктук шарият боюнча эркектерден чыккан мазий суюктугу сыяктуу эсептелет. Бул суюктук нажас болот жана дааратты бузат.

3)   Аялдардын жыныстык мүчөсүнүн ички жагы, б.а гусул учурунда жууш зарыл эмес болгон жеринен, тактап айтканда кындан (влагалище) чыккан суюктук (жатындан эмес) боюнча кайчылаш пикирлер бар. Имам Абу Ханифанын (Рохимахуллох) көз карашы боюнча бул суюктук нажас эмес. Ал эми Имам Абу Юсуф (Рохимахуллох) жана имам Мухаммад (Рохимахуллох) бул суюктукту нажас деп эсептешет. Ошондуктан, бул маселеде этият көз караш менен карап, мындай суюктукту нажас деп, даарат алган турараак болот. А эгерде бул суюктук өтө көп келип, аял кишиге ар дайым эле даарат алуу кыйынчылык туудуруп жатса, анда ушул кыйынчылыкты эске алып, биринчи сөзгө амал кылып, нажас эмес деп эсептесе да болот. Анда ал наджас да болбойт, даарат да сынбайт.

Бирок, чыгып жаткан суюктук кайсыл жерден, б.а жатынданбы, же кынданбы чыгып жатканын аял киши айырмалай албаса, анда аны нажас деп билип, даарат алуу керек. А эгерде суюктук өтө көп келип, аны дайыма тазалап жуу жана улам даарат алуу кыйын болуп жатса, анда муну үзүр деп эсептесек болот. Б.а ар бир парз намаздын убактысы киргенде, ошол намаз үчүн даарат алып, намаз окуй берсе болот. Бул учурда чыгып жаткан суюктукка маани берилбейт. Бул алган даараты менен каалаган ибадатын аткара берсе болот, б.а парз намаз, нафил намаз окуса болот, кааласа Куран тилават кылсын, таваф ж.б

Жогоруда жазылган сөздөр түзсүз чыккан суюктукка тиешелүү. А эгер суюктук кан аралашкан болсо, анда бул таза эмес, тактап айтканда нажас болот жана дааратты бузат.

Ошондой эле күйөсү менен жакындык кыла турган учурда, дүүлүккөн себептүү чыккан суюктук нажас деп эсептелет.

أي برطوبة الفرج فيكون مفرعاً على قولهما بنجاستها أما عنده فهي طاهرة، كسائر رطوبات البدن.

(قوله: برطوبة الفرج) أي الداخل بدليل قوله: أولج، وأما رطوبة الفرج الخارج فطاهر اتفاقاً ا هـ ح  وفي منهاج الإمام النووي: رطوبة الفرج ليست بنجسة في الأصح ، قال ابن حجر في شرحه: وهي ماء أبيض متردد بين المذي والعرق يخرج من باطن الفرج الذي لايجب غسله، بخلاف ما يخرج مما يجب غسله فإنه طاهر قطعاً، ومن وراء باطن الفرج؛ فإنه نجس قطعاً ككل خارج من الباطن كالماء الخارج مع الولد أو قبيله. (رد المحتار ١/۳١۳ ط: سعيد).

(قَوْلُهُ بِخِلَافِ مَا يَخْرُجُ مِمَّا يَجِبُ غَسْلُهُ إلَخْ) وَالْحَاصِلُ أَنَّ رُطُوبَةَ الْفَرْجِ ثَلَاثُ أَقْسَامٍ طَاهِرَةٌ قَطْعًا وَهِيَ مَا تَكُونُ فِي الْمَحَلِّ الَّذِي يَظْهَرُ عِنْدَ جُلُوسِهَا وَهُوَ الَّذِي يَجِبُ غَسْلُهُ فِي الْغُسْلِ وَالِاسْتِنْجَاءِ، وَنَجِسَةٌ قَطْعًا وَهِيَ مَا وَرَاءَ ذَكَرِ الْمُجَامِعِ، وَطَاهِرَةٌ عَلَى الْأَصَحِّ وَهِيَ مَا يَصِلُهُ ذَكَرُ الْمُجَامِعِ شَيْخُنَا اهـ بُجَيْرِمِيٌّ (قَوْلُهُ وَمِنْ وَرَاءِ بَاطِنِ الْفَرْجِ إلَخْ) لَعَلَّ الْمُرَادَ بِهَا الْخَارِجَةُ مِنْ دَاخِلِ الْجَوْفِ وَهُوَ فَوْقَ مَا لَا يَلْحَقُهُ الْمَاءُ مِنْ الْفَرْجِ سم (حواشي تحفة المحتاج بشرح المنهاج ١/۳٠١ ط: مصطفى محمد).  

والله أعلم بالصواب

Жооп берди:
Татиков Рафаил
Текшерди:
Исмайилов Жигитали, Эратов Равшан
Жакты
+8
21:02
1988

Башка фатвалар

ГМОнун (генетикалык модификацияланган организмдердин) өкүмү кандай?
Эгерде ГМО балык же шариат көрсөткөндөй союлган халал жаныбарлардан алынган болсо, анда ГМО азыгын к
Маркумдун үйүндө чогулган элге тамак берүүнүн шариаттагы өкүмү кандай?
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен  الجواب حامدا و مصليا Мусулман адам каза болуп, аны
Вегетариандын шарияттагы өкүмү
Мусулман адам ишеними менен эт азыктарын жеш арам деп “веган” же “вегетариан&rdquo