Жаныбардын сүрөтүн тартса болобу?
Бисмиллахир Рохманир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху!
Жандуу нерсенин сүрөтүн тарткандан шариат тыю салган. Пайгамбарыбыз (соллаллоху алейхи ва саллам) хадисте айтат:
عن عبد الله بن عمر رضي الله عنه قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم: "إن الذين يصنعون هذه الصور يعذبون يوم القيامة، يقال لهم: أحيوا ما خلقتم" (رواه البخاري رقم الحديث: ٥٩٥١ باب عذاب المصورين يوم القيامة).
Котормосу: “Албетте, ушул сүрөттөрдү жасаган адамдар, кыямат күнү азапталышат жана аларга айтылат: “тирилткиле жасаган сүрөтүңөрдү”.
وعن جابررضي الله عنه قال: نهى رسول الله صلى الله عليه وسلم عن الصورة في البيت ونهى أن يصنع ذلك (رواه الترمذي رقم الحديث: ١٧٤٩).
Котормосу: “Жабир (радиаллоху анху) айтат: Пайгамбарыбыз (соллаллоху алейхи ва саллам) үйдүн ичинде сүрөттөрдү илип койгонго тыю салды жана сүрөт жасаганга да тыю салды”.
عن عبد الله بن مسعود رضي الله عنه قال: سمعت النبي صلى الله عليه وسلم يقول: "إن أشد الناس عذابا عند الله يوم القيامة المصورون" (رواه البخاري رقم الحديث: ٥٩٥٠ باب عذاب المصوؤين يوم القيامة).
Котормосу: “Кыямат күнү Алланын алдынды эң катуу азап чеккендер булар сүрөт тарткандар болушат”.
Ошол үчүн жаныбардын сүрөтүн тартуу өтө чоң күнөө болуп эсептелет, ушундан сактануу зарыл.
Имам Навави (рахматуллахи алейхи) жана башка аалымдар сүрөт тартууну арам жана өтө чоң күнөө деп жазышкан.
قال أصحابنا وغيرهم من العلماء بصوير صورة الحيوان حرام شديد التحريم وهو من الكبائر... إلخ (الشرح الكامل ١٤/۸١ باب تحريم تصوير صورة الحيوان ط: بيروت).
وظاهر كلام النووي في شرح مسلم الإجماع على تحريم تصوير الحيوان، وقال: وسواء صنعه لما يمتهن أو لغيره، فصنعه حرام بكل حال لأن فيه مضاهات لخلق الله تعالى... إلخ (رد المحتار ١/٦٤٧ ط: سعيد).
Ал эми жаңы жок нерсенин сүрөтүн тартса берсе болот жана аны жасаса да болот.
و الله أعلم