Сапожкага ж,б,у,с бут кийимдерге масх тартса болобу?
Сапожкага ж, б, у, с бут кийимдерге масх тартса болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
Сапожка маасынын үч шартына туура келсе жана өзү буттун үстүнө тик турса эч нерсе менен байлабай (кызыл ашыктын үстүнө), анда анын үстүнө масх тартса болот, ал эми өзү буттун үстүнө тик турбаса, анда масх тартканга болбойт. Жана масх тартуу үчүн сапожканы дарааттын үстүнө кийиш керек, жана сапожка нажасаттан таза болуу зарыл. А эгерде өзү буттун үстүнө туруп кызыл ашыкты жаппаса, анда ага масх тарткан болбойт.
Эскертүү: бизде сапожканын үстүнө эчким масх тартпайт, ошол үчүн зарыл болбосо сапожканын үстүнө масх тартпай эле койгон жакшы.
(و) حد الجورب (الثخينين أن يستمسك) أي يثبت ولا ينسدل (على الساق من غير أن يشد بشي) هكذا فسروه كلهم وينبغي أن يقيد بما إذا لم يكن ضيقا فإنا نشاهد ما يكون فيه ضيق يستمسك على الساق من غير شد.
والله اعلم بالصواب
Жооп берди:
Татиков Рафаил [фатва бөлүмүнүн башчысы]
Текшерди:
Исмайилов Жигитали [фатва бөлүмүнүн адиси]