KGRU darulifta.kg@gmail.com | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Сүрөтү бар кийимдерди кийсе болобу?

Сүрөтү бар кийимдерди кийсе болобу?
Жаныбардын сүрөтү бар кийим кийсе болобу? (көзү бар, адамдын же башка жандыктын сүрөтү бар носки же үстүнө кийген кийим?).

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Биринчиден, жандуулардын сүрөтү түшүрүлгөн кийимдерди сатып алуу өзү жакшы эмес. Ал эми, адамдын, жаныбарлардын мисалы: арстан, карышкыр, ит, мышык жана башка жандуулардын сүрөтү түшүрүлгөн кийимдерди кийүүгө эркекке, аялга, чоңдорго, кичинекейлерге да болбойт. Анткени, ал сүрөттөрдүн кийим – кечеде болушу ал үчүн кандайдыр бир сый – урмат болгондуктан аны сыймыктануу менен кийип жүрөт. Пайгамбарыбыз (саллаллоху алайхи ва саллам): периштелер сүрөтү бар үйгө киришпейт, ошондой эле сүрөт тартууга тыюу салган жана сүрөтчүлөргө каргыш айткан.

وَعَنْ أبي طَلْحَةَ رضي الله عنه: أنَّ رَسُولَ اللَّهِ ﷺ قَال: لا تَدْخُلُ المَلائِكَةُ بَيْتًا فِيهِ كَلْبٌ وَلا صُورَةٌ (متفقٌ عليه).

عن ابن عمر -رضي الله عنهما- قال: قال رسول الله ﷺإن الذين يصنعون هذه الصور يعذبون يوم القيامة، يقال لهم: أحيوا ما خلقتم. (رواه البخاري رقم الحديث:٥٩٥١).

Эгер сиз ушундай жандуулардын сүрөтү бар кийим алган болсоңуз анда, кандайдыр бир жол менен анын сүрөтүн жашырыңыз, мисалы: үстүнө кездеме тигип же сөгүп ж.б у.с.

Ал эми унаа, же өсүмдүк, тоо сыяктуу жансыз нерселердин сүрөтү түшүрүлгөн кийимдерди күйүүдө эч кандай зыяны жок.

Албетте сүрөт өтө кичине болсо, же башы, көзү ачык билинбесе жана бир караганда сүрөт экени билинбесе, ошондой эле бутунун астында сүрөт болсо, мындай кийимдерди кийсе болот, бирок сүрөтү жогун кийген жакшыраак.

عون بن أبي جحيفة .... إن النبي صلى الله عليه وسلم ... ولعن آكل الربا وموكله والواشمة والمستوشمة والمصور (صحيح البخاري، رقم الحديث: ٥٦١٧، كتاب اللباس، باب من لعن المصور).

لا یکرہ تحت قدميه․․․ أو کانت صغیرة لا یتبین تفاصیل أعضائها للناظر قائما وهي علی الأرض ذکره الحلبي (الدر المختار: ۲/۴۱۸)

وإن قطع رأسها أو فرقت هيئتها جاز (فتح الباري: ۱۱/ ۵۱۸، بحوالة جواهر الفقه، قال في الهدایة ولو کانت الصورة علی وسادة ملقاة أو علی بساط مفروش لا یکره لأنه تداس وتوطأ بخلاف ما إذا کانت الوسادة منصوبة أو کانت علی الستر لأنها تعظیم لها (رد المحتار: ۲/۴۱۷)

Аллах Таалам баарыбызга амал кылганга топук берсин.

فقط والله تعالٰی اعلم و علمه أتم

Жооп берди:
Умар Темирбаев
Текшерди:
Исмайилов Жигитали
Жакты
+5
07:35
1741

Башка фатвалар

Жаныбардын сүрөтүн тартса болобу?
Бисмиллахир Рохманир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху!
Сүрөтү бар кийим менен намаз окуса болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Эгер намаз окуучунун астында же кийминде тирүү
Сапожкага ж,б,у,с бут кийимдерге масх тартса болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Сапожка маасынын үч шартына туура келсе жана өзү