KGRU darulifta.kg@gmail.com | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Кошунага кандай мамиле кылуу керек?

Кошунага кандай мамиле кылуу керек?
Кошуна жаман болсо ага зыян жеткирбей бирок мамиле кылбай эле койсо күнөө болбойбу? Кээде бирок жардам сураса жардам берип?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Ислам дининде кошунага жакшы мамиле кылуу дагы каралган. Пайгамбарыбыз (соллаллоху алейхи ва саллам) айткан:

 عن أبي هريرةأوصاني جِبريلُ بالجارِ، حتى ظنَنتُ أنْ يُوَرِّثَهُ. (أخرجه ابن ماجه رقم الحديث: ٣٦٧٤)

Котормосу: «Джабраиль (алейхи салам) кошуналарга жакшы мамиле кылуу боюнча ушуга чейин эскертүү берип жаткан, мен ойлоп калдым, ал кошунаны менин мураскор кылат окшойт».

Пайгамбарыбыз (соллаллоху алейхи ва саллам) айткан:

عن أبي شريح العدوي خويلد بن عمرومَن كان يؤمِنُ باللهِ واليومِ الآخرِ، فليُكْرِمْ جارَه... إلخ) أخرجه البخاري رقم الحديث: ٦٠١٩(

Котормосу: «Ким Аллах Таалага жана Акыр күнүнө ишенсе, ал кошунага жылуу мамиле кылсын...»

Ошол үчүн кошунага жакшы мамиле кылуу, бул имандын белгиси жана диндин өкүмү. Жакшы мамилеге кирет:

1. Кошуналарга салам берүү. Бул бир гана кошуналарга эмес, балким баардык мусулмандарга салам берүү керек.
2. Аларга жумшак, жылуу мамиле кылуу.
3. Мүмкүнчүлүккө жараша кошуналарга жардам берүү: кызмат түрүндө жардам, материалдык жардам жана моралдык жардам.
4. Кошуналарга икрам кылуу. Бирдеке даамдуу жазасаңыз аларга да оз тийгизүү.
5. Мүмкүнчүлүккө жараша кээде кичинекей болсо да белек берүү.
6. Алар менен дайым байланыштаа болуу, көбүрөк жолугуу. Алар менен кээде болсо дагы кандай бир иш чараларды уюштуруу.

Кошуна менен такыр эле сүйлөшпөй кою жана ал менен эч кандай байланыш түзбөө исламдын этикага туура келбейт. Ал эми сиз байланыш курганга аракет кылган сүрөттө, эгерде кошуна сиз менен сүйлөшпөсө, анда сизге күнө болбойт.

والله اعلم بالصواب

Жооп берди:
Татиков Рафаил [фатва бөлүмүнүн башчысы]
Текшерди:
Исмайилов Жигитали [фатва бөлүмүнүн адиси]
Жакты
+2
05:50
2803

Башка фатвалар

Ата-энесинин тилин албаган, аларга татыктуу мамиле жасабаган баланы, ата-энеси ак кыла алабы?
Алгач, ата-энеге моюн сунбай коюу, аларга жаман мамиле жасоо – бул чоң күнөө болуп эсептелет.
Телефондон Курандын сажда аятын укса сажда кылуу керекпи?
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын ысымы менен  الجواب حامدا ومصليا Телефондо жазылган Курандын
Колдонууга мүмкүн болбогон эски ислам адабиятты эмне кылуу керек?
Колдонууга мүмкүн  болбой калган эски Аллахтын аты, Куран аяттары же хадистин тексттери болгон