Такбир аль-ууля
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
Такбир аль-ууля – бул «Аллооху Акбарды» имам менен кошо айтуу. Хадисте айтылган, эгерде кимдир бирөө такбир аль-уулага жетишсе, анда эки кутулууга ээ болот: тозок отунан жана эки жүздүүлүктөн (нифактан). Такбир аль-ууланы чечмелөөдө Ислам аалымдарынын пикирлери ар кандай болду. Бул боюнча бир топ пикирлер бар.
1. Кээ бирөөлөрү эгерде кимдир бирөө намаздын башында катышып жана имам окуган «Аль-Фатиха» сүрөсүнүн биринчи үч аятына жетишсе, ал эми кийинчирээк кошулса, анда «Аль-Фатиха» сүрөсүнүн жети аяты окулуп бүткөнчө жетишсе дешет.
2. Имам Абу Юсуф жана имам Мухаммад, такбир аль-уула бул имам “сана”, мындайча айтканда «субханака Аллахумма ва бихамдика…ны” окуп бүткөнчө “Аллооху Акбар” деп айтып калууга жетишүү дешет.
Бирок кеңири белгилүүсү бул төмөндөгү үч пикир:
3. Имам Абул Ханифа (ага Алланын рахматы болсун) такбир аль-уула деп «аль-мукоронаны», мындайча айтканда “Аллооху Акбарды” имам менен бирге айтууну түшүнүү керек деп эсептейт. Бул пикир хадисти тышкы текстине ылайык келет.
4. Ошондой эле, такбир аль-уула “Аль-Фатиха” окулуп бүткөнчө эсептелет дешет жана бул пикир көңүлгө көбүрөөк алаарлык дешет жана аны кээ бир аалымдар тандашкан.
5. Бирок, аныгыраак пикирге ылайык, биринчи рекет аякталганча “Аллооху Акбар” деп айтып, намазга жетишип калган адам такбир аль-ууланын сообуна ээ болот. Бул көпчүлүк аалымдардын пикири.
وتظهر فائدة الخلاف في وقت إدراك فضيلة تكبيرة الافتتاح فعنده بالمقارنة وعندهما إذا كبر في وقت الثناء وقيل بالشروع قبل قراءة ثلاث آيات لو كان المقتدي حاضرا وقبل سبع لو كان غائبا وقيل بإدراك الركعة الأولى وهذا أوسع وهو الصحيح وقيل بإدراك الفاتحة وهو المختار خلاصة. (رد المحتار ج:۱ ص:۵۲٦ ط: سعيد).
أما فضيلة تكبيرة الافتتاح فتكلموا في وقت إدراكها والصحيح من أدرك الركعة الأولى فقد أدرك فضيلة تكبيرة الافتتاح كذا في الحصر في باب أبي يوسف (الفتاوى الهندية ١/٦٩ ط: سعيد).
والله اعلم بالصواب