3 талактан кийин жарашса болобу?
Мээриммдүү, Ырайымдуу Аллахтын ысысмы менен.
Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху!
الجواب حامدا ومصليا
Жолдошуңуз телефондон смс аркылуу 3 талак берген болсо, анда сизге 3 талак түшүп калган. Шариятыбыз боюнча 3 талак түшкөндөн кийин бирге жашоого эч кандай жол жок. 3 талак бергенден тарта жубайлар бир-бирине чоочун болуп калышат. Талак берилген күндөн тарта аял киши 3 этек киринен (айыз) таза болгонго чейин идда убактысын күтүүсү керек. Идда мөөнөтү аягына чыккандан кийин, аял кишиге (биринчи күйөсүнөн) башка турмуш курууга уруксат берилет.
Куранда Аллах Таала мындай деген:
فإن طلقها فلا تحل له من بعد حتى تنكح زوجا غيره...
«Күйөөсү аялына (үч) талак берсе, андан ары ал (аялы) башка күйөөгө тиймейинче (биринчи күйөөсүнө) адал эмес...» (Бакара, 230)
و إن كان الطلاق ثلاثا في الحرة...لم تحل له حتى تنكح زوجا غيره (الهداية)
و الله أعلم بالصواب و بالله التوفيق