KGRU darulifta.kg@gmail.com | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Намазда эснегенде оозун жапса жана бир жериң кычышса тырмаса болобу?

Намазда эснегенде оозун жапса жана бир жериң кычышса тырмаса болобу?
Намазда эснегенде оозун жапса жана бир жериң кычышса тырмаса болобу?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Белгилей кетүүчү нерсе, намазда эснөө хадиске ылайык ал шайтандан. Хадисте аны мүмкүн болушунча токтотуу буйрулган. Ошондуктан эснөөнү колдон келишинче токтотуштун аракетин кылыңыз. Ал эми токтотуу мүмкүн болбосо, анда намаздын кыямдагы (тик турган) абалында оң колдун ички бөлүгүн (алаканын) оозго коюу керек. Эгер кыямдан башка рүкүндөрдө болсоңуз, анда сол колдун арткы бөлүгүн оозго коюу керек. Ошондой эле, эснеген учурда кыраат кылууда болбойт.

"(قَوْلُهُ: وَكَظْمُ فَمِهِ عِنْدَ التَّثَاؤُبِ) أَيْ إمْسَاكُ فَمِهِ، وَالْمُرَادُ بِهِ سَدُّهُ لِقَوْلِهِ عليه الصَّلَاةُ وَالسَّلَامُ: التَّثَاؤُبُ في الصَّلَاةِ من الشَّيْطَانِ فإذا تَثَاءَبَ أحدكم فَلِيَكْظِمْ ما اسْتَطَاعَ، وفي الظَّهِيرِيَّةِ: فَإِنْ لم يَقْدِرْ غَطَّاهُ بيده أو كُمِّهِ لِلْحَدِيثِ".». (البحر الرائق شرح كنز الدقائق: ١/٣٢١).

"(قوله: والتثاؤب) في المصباح التثاؤب بالمد وبالواو عامي  وفي مختار الصحاح: تثاءبت بالمد ولاتقل تثاوبت وهو كما في الحلية والبحر التنفس الذي ينفتح منه الفم لدفع البخارات المنفخة في عضلات الفلك وهو ينشأ من امتلاء المعدة وثقل البدن ا هـ  قلت ولهذا السبب كان من الشيطان كما في حديث الصحيحين أنه قال: التثاؤب من الشيطان فإذا تثاءب أحدكم فليكظم ما ستطاع، وفي رواية لمسلم: فليمسك بيده على فيه فإن الشيطان يدخله، وألحق باليد الكم، وهذا إذا لم يمكنه كظمه أي رده وحبسه فقد صرح في الخلاصة بأنه إن أمكنه عند التثاؤب أن يأخذ شفته بسنه فلم يفعل وغطى فاه بيده أو بثوبه يكره، كذا روي عن أبي حنيفة قال في البحر: ووجهه أن تغطية الفم منهي عنها كما رواه أبو داود وغيره وإنما أبيحت للضرورة ولا ضرورة إذا أمكنه الدفع، ثم في المجتبى يغطي فاه بيمينه وقيل بيمينه في القيام وفي غيره بيساره ا هـ  قلت: ووجه القيل أظهر؛ لأنه لدفع الشيطان كما مر فهو كإزالة الخبث وهي باليسار أولى لكن في حالة القيام لما كان يلزم من دفعه باليسار كثرة العمل بتحريك اليدين كانت اليمنى أولى".  (رد المحتار: ج:١،ص:٦٤٥).

Колду бир жолу көтөрүп, тырмоо намазга эч кандай зыян келтирбейт. Бирок муну эч кандай зарылчылыгы жок эле жасоо жакшы эмес.  Албетте, намаз окуп жатканда ушундай амал жасоо, сыртта карап турган адам бул адам намазда эмес деп ойлосо, мисалы: баш кийимин алып, эки колу менен тырмаса, анда бул «аъмал касир» көп кыймыл болуп саналат да намаз бузулат.

ویفسدها  کل عمل کثیر لیس من أعمالها ولا لإصلاحها۔ وفيه خمسة أقوال: أصحها مالا یشک بسببه الناظر من بعید فی فاعله أنه لیس فيها وإن شک أنه فيها أم لا فقلیل (رد المحتار: ۲/۳۸۵)۔

فَقَطْ وَاللهُ تَعَالٰی أَعْلَمُ وَ عِلْمُهُ أَتَمُّ

Жооп берди:
Умар Темирбаев
Текшерди:
Исмайилов Жигитали
Жакты
+1
19:06
1520

Башка фатвалар

Жума намаздын хутбасы башталганда сүннөт намаз окуса болобу?
Мээриммдүү, Ырайымдуу Аллахтын ысымы менен. Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху!
Аср жана Пешим намазда үн чыгарып кыраат кылса сажда саху важиб болобу?
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен الجواب حامدا و مصليا Эгерде имам Аср жана Пешим намазда
Каза намаздарды отуруп окуса болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Негизи, каза намаздары да парз намаздары сыякту