KGRU darulifta.kg@gmail.com | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Каза намаздардын санын билбесе, ниетти кандай кылуу керек?

Каза намаздардын санын билбесе, ниетти кандай кылуу керек?
Ассаламу Алейкум ва рохматуллохи ва барокятух. Намазын качан каза кылганын ж/а канча намазын каза кылганын унтуп калса кантип окуйт кандай ниет кылат?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Уа алейкум ассалам уа рахматуллахи уа баракатух!

Эгерде сиз каза намаздардын так эсебин унутуп калсаңыз жана качан каза болгондугун да билбесениз, анда сиз жакшынакай ойлонуп болжол менен эстегенге аракет кылыңыз. Андан кийин ошол болжолду санга амал кылыңыз жана эттияттык кылып болжолдонгон сандан да көбүрөк намаздарды окуп коюңуз, каза намаз калбады деген ишеним болгонго чейин.

Мисалы: бир адам 15 жашта балагатка жеткен, намазды 25 жаштан окуп баштаган. Ошондо 10 жылдык намаздарды казасын окуу керек жана башка мисал: бир адам 15 жашта балагатка жеткен жана намаз калтырбай окуйт, бирок ортодо көп намаз калып кеткен, мисалы, болжол менен 6 айлык намаз окулбай калган. Анда 6 айдан кичине көбүрөк казасын окуу керек.

Ниет кылуудагы эреже: кайсы күнү жана кайсы намаз каза болгонун так ниет кылыш керек. Эгерде эсинде жок болсо, анда мындай ниет кылса болот: Мен эң акыркы же эң биринчи аср намазынын казасын окуганга ниет кылдым деп.

من لا يدري كمية الفرائض يعمل بأكبر الرأيه  فإن لم يكن له يقضي حتى يتيقن أنه لم يبق عليه شيء (حاشية الطحطاوي على مراقي الفلاح ص:٤٤٧ ط: قديمي).
الاحتياط واجب في العبادات (الفتاوى الهندية ١/١۲٤ ط: رشيديه).
في الدر: كثرت الفوائت نوى أول ظهر عليه أو آخره.
وتحته في الرد: (كثرت الفوائت) مثاله: لو فاته صلاة الخميس والجمعة والسبت فإذا قضاها لا بد من التعيين؛ لأن فجر الخميس مثلا غير فجر الجمعة، فإن أراد تسهيل الأمر يقول: أول فجر مثلا، فإنه إذا صلاه يصير ما يليه أولا أو يقول: آخر فجر... إلخ (رد المحتار ۲/٧٦ ط: سعيد).

و الله أعلم

Жооп берди:
Татиков Рафаил
Текшерди:
Исмайилов Жигитали
Жакты
+1
18:22
1897

Башка фатвалар

Колдонууга мүмкүн болбогон эски ислам адабиятты эмне кылуу керек?
Колдонууга мүмкүн  болбой калган эски Аллахтын аты, Куран аяттары же хадистин тексттери болгон
Телефондон Курандын сажда аятын укса сажда кылуу керекпи?
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын ысымы менен  الجواب حامدا ومصليا Телефондо жазылган Курандын
Гусул жана жаназа намаз окулбай көмүлсо эмне кылуу керек?
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен الجواب حامدا و مصليا  1) Негизи, маркум жерге берил