Кайсы учурда эркек бала жана кыз балагатка жетти деп эсептелинет?
Кыздарга хайз келген убакта намаз парз болот, балдаргачы?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
Негизи шариятта эркек балага жана кызга бойго жеткенден кийин намаз окуу парз болот. Ал эми эркек баланын бойго жетүүсү – түшүркөө менен болот, кыздын бойго жетүүсү – этек кири келген учурдан башталат. Эгерде, бойго жетүү белгилери табыласа, анда эркек бала жана кызга он беш жашка толгондо бойго жетти деп өкүм чыгарылат жана намаз окуу аларга парз болот.
الدر المختار وحاشية ابن عابدين (رد المحتار) (٦/ ١٥٣):
"(بلوغ الغلام بالاحتلام والإحبال والإنزال) والأصل هو الإنزال (والجارية بالاحتلام والحيض والحبل) ولم يذكر الإنزال صريحاً؛ لأنه قلما يعلم منها (فإن لم يوجد فيهما) شيء (فحتى يتم لكل منهما خمس عشرة سنةً، به يفتى) لقصر أعمار أهل زماننا".
Жооп берди:
Умар Темирбаев
Текшерди:
Исмайилов Жигитали