KGRU darulifta.kg@gmail.com | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Күйөөсү бар аял башка эркек менен мамиле кылуусу кандай каралат?

Күйөөсү бар аял башка эркек менен мамиле кылуусу кандай каралат?
Ассаламу алейкум уа Рахматуллохи уа Баракатуху
Мен учурда Москвада иштеп аткан кезим. Суроом төмөнкүдөй: Бизде аялдар иштешет күйөсү барлар ошолорго жардам берген кандай маселе кээ бири чынында башкача мамилеге да өтүп кетти ошол кандай мамиле болот күйөөсү бар аял аялы бар эркек билдирбей мамиле куруп алгандар көп кездешип атат четтен карап үйлөнүү келбей калат экен кийин аялында ушинтип кетсечи деп кандай кылып даават жеткирсе болот Аллах Таала ыраазы болсун сиздерден!

Ва алайкумус салаам ва рахматуллохи ва баракаатуху

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Зына бул өтө чоң күнөөлөрдүн бири жана арам болуп саналат, ошондой эле, зынага себеб болгон нерселер да арам. Аллах Таала зынанын жазасы тууралуу мындай:

وَالَّذِينَ لَا يَدْعُونَ مَعَ اللَّهِ إِلَهًا آَخَرَ وَلَا يَقْتُلُونَ النَّفْسَ الَّتِي حَرَّمَ اللَّهُ إِلَّا بِالْحَقِّ وَلَا يَزْنُونَ وَمَنْ يَفْعَلْ ذَلِكَ يَلْقَ أَثَامًا (٦٨) يُضَاعَفْ لَهُ الْعَذَابُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ وَيَخْلُدْ فِيهِ مُهَانًا (٦٩) (سورة الفرقان، الآية: ٦٨،٦٩).

Котормосу: «Алар Аллахка кошуп, башка кудайларга табынбагандар, Аллах өлтүрүүгө тыйуу салган тирүү жанды укуксуз өлтүрбөгөндөр жана зынаа кылбагандар. Кимде ким жогоруда айтылгандардын (бирөсүн) жасаса, ал жазаага тартылат. Кыямат күнү алардын жазасы эки эсе болот жана ал анда түбөлүккө кор кылынат».

وَلَا تَقْرَبُوا الزِّنَا إِنَّهُ كَانَ فَاحِشَةً وَسَاءَ سَبِيلًا (سورة الإسراء الآية:٣٢)

Котормосу: «Зынага (никесиз жыныстык катнаш, аягы суйуктук) жакындабагыла, анткени ал эң ыплас, жаман жол».

Бүгүнку биздин заманда арам нерсени кароо, көздү сактабоо зына ишке баруу ушунчалык кеңири жайылгандыктан жаш-карысы, никеси бары никеси жогу дебей баары ушул ыплас жаман жолго дуушар болууда.

Албетте зынага жеткирүүчү чоң себебтердин бири бул көздү арамдан, чоочун аялдардан сактабагандыгынан келип чыгууда. Андыктан көздү чоочун аялдарды кароонун бир нече зыянын айта кетейин:

Эң эле биринчи - бул Аллах Таалага болгон тоң мойундук. Чоочун аялды кароонун арам экендиги Куран аятында келген. Алла Таала айткан

قُلْ لِلْمُؤْمِنِينَ يَغُضُّوا مِنْ اَبْصَارِهِمْ .(سورة النور).

Котормосу: Оо, Пайгамбар! Ыймандууларга айтыңыз, алар көздөрүн ылдый кылышсын! Тактап айтканда, чоочун аялдарды карабасын. Чоочун аялдарды кароодон көзүн сактабаган киши Куран аятына каршылык кылгандыктан арам иш кылды. Бул күнөөдөн сактануу үчүн Аллага тоң мойун болууну эске тутуу өзү жетиштүү.

Экинчиси-Аманатка кыянат кылуучу.

Чоочун аялды кароодон көзүн сактабаган киши Алланын аманатына кыянат кылуучу болот. Алла Таала айткан:

يَعْلَمُ خَائِنَةَ الاَعْيُنِ وَ مَا تُخْفِى الصُّدُورُ (سورة المومن، الآية:١٨)

Котормосу: Алла Таала көздүн кыянатын жана жүрөктөгү сырларды билүүчү. Бул аяттагы аманат сөзү биз көзүбүзгө ээ эмес, тек гана аманатчы экендигибизди аныктайт. Биз өз жаныбызга ээ эмесбиз. Мына ушул себептен өзүн-өзү өлтүрүү да арам кылынган. Алла Таала бизге денени аманат катары берген. Аманатты-аманат койуучунун каалоосуна тескери колдонуу же зыян жеткирүү же түбү менен жок кылып салуу тыйылган. Эгер денебизге ээ болгонубузда каалагандай колдонууга акыбыз болмок. Анткени кожойун өз буйумун каалагандай колдонууга акысы бар. Алла Таала пенделерине ыктыяр бербөөсү бул дене бизде Алланын аманаты экендигине далил. Бирөөнүн буйумуна кыянат кылуу чоң күнөө. Ошондуктан көзүн чоочун аялдарды кароодон сактабаган киши Алланын берген көз аманатына кыянат кылуучу болот. Кыянат кылуучу Аллага дос боло албайт.

Үчүнчү-Каргышка калат.

Көзүн сактабаган киши Пайгамбарыбыз (саллаллоху алайхи ва саллам) дын каргышына калат. Мишкат китебинде мындай хадис келген: لَعَنَ اللهُ النَّاظِرَ وَ الْمَنْظُورَ اِلَيْهِПайгамбарыбыз (саллаллоху алайхи ва саллам) айтты: Кароочу жана каралган экөөнө тең Алланын каргышы болсун. Тактап айтканда чоочун аялды караган кишиге да, сулуулугун чоочун эркектерге көрсөткөн аялга да Алланын каргышы болсун. Көзүн сактабоо кичинекей эле күнөө болгондо, бүткүл ааламга рахмат болуп келген пайгамбар мындай жаман дуба кылмак эмес. Пайгамбарыбыз (саллаллоху алайхи ва саллам) дын жаман дуба кылуусу бул күнөөнүн өтө оор экенине далил. Каргыштын мааниси Алланын мээриминен алыс болуу. Имам Раагиб Асфахании (рахматуллохи алайхи) “Муфродатул Куранкитебинде каргыштын маанисин Албуъду ъанир Рахма”- деп жазган. Алланын мээриминен алыс болгон киши нафстын жамандыгынан сактана албайт. Анткени нафстын жамандыгынан Алланын мээрим көлөкөсүндө болгон киши гана сактана алат. Алла Таала айткан: اِنَّ النَّفْسَ لَاَمَّارَةٌ بِالسُّوءِ Котормосу: Нафс өтө көп жамандыкка буйуруучу. Андай болсо, нафстын жамандыгынан ким сактана алат? Иллаа маа рахима Раббии! Алланын мээрим көлөкөсүндө болгон киши гана сактанат. Алланын мээрим көлөкөсүндө болгон кишинин нафсы жамандыкка эмес, жакшылыкка буйуруучу болуп калат. Ошондуктан көздөрүн ылдый кылышсын деген аяттын артынануят жерлерин сакташсын деген аят айтылды. Көзүн сактаган киши Алланын буйругун аткаруунун берекесинен, Пайгамбарыбыз (саллаллоху алайхи ва саллам) дын жаман дубасынан сактануунун берекесинен Алланын мээрим көлөкөсүнө кирет. Эми анын уят жери да күнөөдөн арылат. Демек маалым болдукөзүн сактаганга, уят жерин сактоо белек катары берилет. Эми ушул сөздүн тескери маанисин алып көрүңүз: Көзүн сактабагандын уят жери да күнөөдөн сакталбайт. Мындай учурда ага канчалык каргыш жааса да аздык кылат.

Урматтуу бир тууганым! Аял затыны көчөгө чыгарып, бирөөнүн астына иштетип койгон эң эле биринчи күйөөлөрү күнөөкөр, себеби алар өздөрү тамак ашын, нафакасын таап келиштин ордуна, аялдарын чоочун эркектердин арасында иштөөсүнө мүмкүнчүлүк берип койду, мына эми алардын арасына шайтан аралап ар кандай жаман жолдорго азгырып келүүдө. Мен сизге арам ыплас, зынага жеткирүүчү себебтердин бири көздү чоочун аялды, кызды кародо бир нече зыянын айтып өттүм, мындан башка көптөгөн зыяндары бар. Ошондуктан сиз ал эркектерге көздүн, зынаанын зыянын айтып даават берип жана көп көп дуба кыла бериңз

Аллахым баарыбызды туура жолдон адаштырбасын, Өзү сүйгөн жана Ыраа көргөн жашоону  баарыбызга насип кылсын!

Чоочун аялга жардам бергенде аны менен башка мамиле болуп кетүүнүн коркунучу болсо, жардам бербей эле койгула.

فَقَطْ وَاللهُ تَعَالٰی أَعْلَمُ وَ عِلْمُهُ أَتَمُّ

Жооп берди:
Умар Темирбаев
Текшерди:
Исмайилов Жигитали
Жакты
+3
14:46
7390

Башка фатвалар

Ата-энесинин тилин албаган, аларга татыктуу мамиле жасабаган баланы, ата-энеси ак кыла алабы?
Алгач, ата-энеге моюн сунбай коюу, аларга жаман мамиле жасоо – бул чоң күнөө болуп эсептелет.
Кошунага кандай мамиле кылуу керек?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Ислам дининде кошунага жакшы мамиле кылуу дагы
Өгөй энеге да өз апаңдай мамиле кылыш керекпи?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху!