Каффара жөнүндө айтып бересизби?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
– Эгерде, адам орозого ниет кылып кармап жана орозо учурунда аны бузса: жеп, ичсе же аялына жыныстык катнаш кылса, анда ал бир күн казасын кармоого жана каффарасын төлөөгө милдеттүү.
إذا فعل الصائم شيئا منها طائعا متعمدا غير مضطر لزمه القضا والكفارة وهي الجماع في أحد السبيلين على الفاعل والمفعول به والأكل والشرب سواء ما يتغذى به أو يتداوى به. (مراقي الفلاح ص:٢٤١ ط: سعيد).
– Каффара – бул орозону атайын бузгандыгына берилүүчү жаза. Орозосун атайылап бузган адам андан кутулуу үчүн – эки ай үзгүлтүксүз орозо кармап берүүгө милдеттүү. Эгер туткан орозосун бир эле күнгө үзгүлтүккө учурата турган болсо, кайра башынан эсептеп, алтымыш күн кармайт. Эгерде, адам кандайдыр бир жүйөөлүү себептер менен орозо кармап бере албай турган болсо, анда ал алтымыш жакыр адамды тамактандырууга милдеттүү.
(قوله وكفر... ككفارة المظاهر) مرتبط بقوله وكفر أي مثله في الترتيب فيعتق أولا فإن لم يجد صام شهرين متتابعين فإن لم يستطيع أطعم ستين مسكين. (رد المحتار ٢/٤١٢ ط: سعيد).
(فأن لم يستطع الصوم) لمرض أو كبر (أطعم ستين مسكينا). (حاشية الطحطاوي على مراقي االفلاح ص:٦٧٠ ط: دار الكتب العلمية).
-Аялдар үчүн айыз убагына жеңилдик берилет: эгерде, аял каффара орозосун кармай баштаганда айызы келе турган болсо, анда айыз мезгилинде орозо кармоону токтото турат. Айыз мезгили бүтөр замат орозосун уланта алат. Мындайча айтканда, айыз каффара орозосунун үзгүлтүксүздүгүн бузбайт.
فلو أفطر ولو لعذر استأنف إلا لعذر الحيض. (رد المحتار ٢/٤١٢ ط: سعيد).
– Эгерде, адам Рамазан айында орозосун бир нече жолу бузса (мындайча айтканда, бир нече күн), каффараны бир жолу гана өтөө важиб болот, эгерде орозосу жыныстык катнаш жасоо себебинен бузулбаса.
في الدر: لو تكرر فطره ولم يكفر للأول يكفيه واحدة ولو في رمضانين عند محمد وعليه الاعتماد بزازية ومجتبى وغيرهما واختار بعضهم للفتوى أن الفطر بغير الجماع تداخل وإلا لا.
وفي الرد: (قوله وعليه الاعتماد) نقله في البحر عن الأسرار ونقل قبله عن الجوهرة لو جامع في رمضانين فعليه كفارتان وإن لم يكفر للأولى في ظاهر الرواية وهو الصحيح. (رد المحتار ٢/٤١٣ ط: سعيد).
فقط و الله اعلم